II Эл аралык «Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө» фестивалы өттү
Аталар Изи” коомдук фонду тарабынан Ысык-Көл аймагында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмө цивилизация борборунда II Эл аралык «Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө» аттуу фестивалы өттү.


Бул иш-чара этникалык кыргыздардын тарыхын, маданиятын, тилин, салт-санаасын мурасын даңазалоого, ошондой эле кол өнөрчүлүк өнөрүн жандандырууга багытталган.


Фестивалдын негизги коноктору катары Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан жана Текес ооданындагы Көктерек айылынан келген этникалык кыргыздар чакырылды.


Бул фестиваль - этникалык кыргыздардын улуттук өзөгүнө кайтуу, мурасын даңазалоо жана дүйнө жүзүнө тараган кыргыздарды маданият аркылуу бириктирүү максатын көздөйт.


Эскерте кетсек, бул долбоор алгач 2024-жылы Туркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынан келген этникалык кыргыздар менен башталган. 


Ал эми фестивалдын алкагында Улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилди жайылтуу максатында «Муундардын баарлашуусу» өткөрүлүп, өнөктөш катары туруктуу колдоо көрсөтүп келет.


Анткени, бул долбоор кыргыз элинин тил, салт жана руханий дөөлөттөрүн муундарга өткөрүүдө маанилүү көпүрө болуп саналат.
Архив