Бүгүн 9-июлда күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен биргеликте Ош облусунун аймагында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин жетекчилери үчүн семинар уюштурду.
Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамдын талаптарынын аткарылышы жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери каралды. Иш-чарада Улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Маматкарим кызы Эркайым мамлекеттик тилдин санариптешүү багытындагы иштери тууралуу маалымат берсе, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын уюштуруу-кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Ү. Эргешов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Г. Мамадиева кыргыз тилинин жазуу эрежелери жана тыныш белгилерин туура колдонуу боюнча түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусундагы мечиттерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын сактабаган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине туура келбеген каталар аныкталып, тиешелүү диний мекемелерге мыйзам чегинде эскертүүлөр берилген.
Алдыда мындай семинарлар облустун аймагында жана республика боюнча туруктуу түрдө өткөрүлүп, мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыз кылууга багытталат.