2025-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңешинин демилгеси менен чет өлкөлөрдөгү коомдук өкүлдөр менен жолугушту.
Иш-чара «Маданият, тил, тарых» темасына арналып, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин улуттук маданиятын, мамлекеттик тилди жана тарыхый баалуулуктарды сактоо маселелери кеңири талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды. Алардын катарына “Aitil.kg”, “Document.gov.kg” жана “Кыргызча оңой / Easy Kyrgyz” платформалары кирет. Бул ресурстар кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүүгө жана мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүгө багытталган.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен ар дайым тыгыз кызматташып, мамлекеттик тилди, тарыхты жана маданий мурастарды сактоо боюнча биргелешкен иштерди улантып келет.
Мындай иш-чаралар чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасынын улуттук иденттүүлүгүн сактоого, жаш муунга тарыхый жана маданий баалуулуктарды жеткирүүгө жана мамлекеттик тилдин ордун чыңдоого өбөлгө түзөт.