2ГИС: Багыттама эми кыргыз тилинде

2ГИС багыттамасы кыргыз тилинде сүйлөйт
 Багыттаманын үндөрүн Бегиш жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова тартуулашты

2ГИС компаниясы өзүнүн багыттамасына кыргызча үн кошумчасын ишке киргизди. Бул   санариптик кызматтарды мамлекеттик тилде жеткиликтүү кылуу боюнча маанилүү кадам.

Кыргызча навигацияга үнүн берген белгилүү инсандар - рэп-аткаруучу Бегиш жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова. Колдонуучулар эми Бегиштин шаңдуу, заманбап үнү менен же Гүлнур айымдын токтоо жана жагымдуу үнү менен жол таба алышат.

Бул демилге Кыргызстандын аймагындагы кызматтарды жергиликтештирүү ишинин алкагында ишке ашты. 2ГИС командасы бардык фразаларды кыргыз тилине ылайыкташтырып, колдонууга ыңгайлуу жана түшүнүктүү деңгээлде иштеп чыкты.

«Биз 2ГИС кыргызстандыктардын жүрөгүнө жакын болгон тилде сүйлөшүн кааладык. Бул жөн гана техникалык өзгөрүү эмес, мамлекеттик тилди санарип мейкиндикте өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз», - деп белгилешти 2ГИСтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн.

Кыргызча навигацияны 2ГИС тиркемесинин жөндөөлөрүнөн тандап кошсо болот.


Навигатор 2ГИС теперь говорит на кыргызском языке
 Голоса навигатору подарили Бегиш и Гульнур Сатылганова

Компания 2ГИС запустила голосовую навигацию на кыргызском языке. Это важный шаг в развитии цифровой доступности и поддержки государственного языка в повседневной жизни.

Голосами кыргызского навигатора стали звезды отечественной сцены: рэп-исполнитель Бегиш и народная артистка Кыргызской Республики Гульнур Сатылганова. Теперь пользователи могут выбирать между ярким, уличным стилем Бегиша и спокойным, выразительным голосом Гульнур Сатылгановой.

Проект реализован как часть инициативы по локализации цифровых сервисов в Кыргызстане. Команда 2ГИС провела полную адаптацию фраз и интонаций, сохранив при этом удобство навигации и фирменную интонацию приложения.

«Мы хотим, чтобы 2ГИС говорил на том языке, который близок каждому кыргызстанцу. Это не просто техническое нововведение - это вклад в развитие и популяризацию кыргызского языка в цифровой среде», - отметили в представительстве 2ГИС в Кыргызстане.

Голосовую навигацию на кыргызском языке уже можно включить в настройках приложения 2ГИС.

Архив