Бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын тааныштырып, кызматкерлерге атайын сабак өттү.
Иш-чаранын негизги максаты - өлкөнүн улуттук баалуулуктарын сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын илгерилетүү аркылуу коомду бир багытка бириктирүү.
Төрага өз баяндамасында “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу - бул жөн гана документ эмес, ал кыргыз элинин улуттук идеологиясын, маданий өзгөчөлүгүн жана тил саясатын жаңы деңгээлге чыгаруучу стратегиялык багыт экенин белгиледи.
Сабак учурунда улуттук идеологиянын маанилүүлүгү жана анын коомду бекем кармап турган бириктирүүчү күч катары орду тууралуу кеңири маалымат берилди.
Катышуучуларга мамлекет үчүн эң маанилүү болгон тил саясатын илгерилетүүдө ар бир жарандын жигердүү катышуусу зарыл экендиги түшүндүрүлдү.
Мындай жолугушуулар мамлекеттик кызматкерлер арасында тил саясатына болгон мамилени өзгөртүп, улуттук аң-сезимди чыңдоого жана өнүктүрүүгө чоң түрткү берери шексиз.