Төрага Мелис Мураталиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты менен жолукту

Бүгүн 16-октябрь Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулук курамы, окутуучулар жана студенттери менен жолугушту. 


Төрага катышуучуларга "Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" темасында кеңири баяндама жасап, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү, эгемендиктин жана көз карандысыздыктын баалуулугу, мамлекет куруу тажрыйбаларынын мисалдары жана кыргыз элинин байыркы тарыхын, нарк-насилин, маданиятын, салт-санаасын, “Манас” эпосун, философиясын, дүйнө таанымын мамлекеттик тил аркылуу таанытуу менен жарандык аң сезимди калыптандыруу туурасында маалымат берди.


Белгилей кетсек аталган саамалык мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү мамлекеттик тилдин маанисин ачып берүү, студенттердин атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу максатында уюштурулду.

Архив