Ош облусундагы мекемелерге 10 тармак боюнча терминологиялык сөздүктөрдүн жыйнагы камтылган 560 китеп тапшырылды


Бүгүн 17- октябрда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын  өткөрүлдү.

Жыйынга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович, Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Закиров Нурлан Акимжанович, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орун басарлары,  мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев  «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил»  аталышындагы баяндама жасады.


Ал эми  “Ош  облусундагы мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарынын сандык көрсөткүчү жана сабаттуулугу” боюнча КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо  бөлүмүнүн башчысы А.И.Супатаева баяндама жасап, иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү боюнча кеңири түшүндүрмө берди.


Андан кийин жыйындын катышуучулары менен суроо-жооптор болуп, сунуштар айтылып, жыйынтыгында мамлекеттик тилди жайылтууга салым кошкон жигердүү эмгектенип жаткан кызматкерлер “Кыргыз тили” төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.


Жыйынтыгында 10 тармак боюнча кыргызча-орусча терминологиялык сөздүктөрдүн жыйнагы камтылган 560 китеп райондук мамлекеттик администрацияларга, шаардык мэрияларга, облустук жана шаардык китепканаларга тапшырылды.


Күндүн экинчи бөлүгүндө “Иш кагаздарын типтүү нускамага, жазуу эрежелерине ылайык тариздөө жана жүргүзүү” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.
Архив