Бүгүн 23-октябрда, Ысык-Ата районунда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик тилде окутууларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Жыйынга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ысык-Ата районунун акими Омошев Эрмекбай, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Токтомаметов Алмазбек, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, мектеп директорлору жана кыргыз тилчи мугалимдер катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилди мугалимдер арасында кеңири жайылтуу жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу аркылуу окуучулардын мамлекеттик тилди өздөштүрүүсүн камсыз кылуу болуп эсептелет.
Улуттук комиссиянын пилоттук программасы Москва жана Ысык-Ата райондорунда башталып, кыргыз тилчи жана предметтик мугалимдерди мамлекеттик тилде окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу максаты пландаштырылууда.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилде сабак берүү боюнча кыйынчылыктар, мектептерде ата-энелер менен тыгыз иштөө жана коомдук колдоону жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды.
Мугалимдер окуучуларга мамлекеттик тилди үйрөтүүдө үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул маселеде ата-энелердин да активдүү катышуусу тилди ийгиликтүү үйрөтүүдө негизги факторлордун бири катары каралды.
Улуттук комиссиянын бул кадамы мамлекеттик тилди өлкөнүн аймактарында бекемдөө жана билим берүү процессинде анын колдонулушун кеңейтүүгө багытталган. Программа ийгиликтүү ишке ашса, ал башка аймактарга да жайылтылмакчы.
Жыйындын соңунда эркин суроо-жооп форматында мугалимдер өз ойлорун жана сунуштарын ачык айтып, мамлекеттик тилде окутуудагы көйгөйлөр менен жетишкендиктерди бөлүштү.