УЛУТТУН ӨЗӨГҮ — ЭНЕ ТИЛДЕ, НАРК-НАСИЛДЕ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун катышуусунда кечээ, 18-декабрда өздүк курамга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев "Кыргыз таануу" аталышында лекция окуду. Анда дүйнө тарыхындагы кыргыз элинин орду, дүйнөлүк саясий оор кырдаалда жарандардын мекенге болгон сезимин ойготуу тууралуу ойлор айтылып, ар бир мамлекеттик кызматкердин кыргыз тилин билүү деңгээли, сабаттуулугу жогору болуусу учурдун эң актуалдуу маселеси экени белгиледи.
Иш-чарада КР Президентинин  тилге, маданиятка, адеп-ахлак, нарктуулук маселелерине байланышкан Жарлыктары чыгып, жакшы иштер жасалып жатканына кеңири токтолду. Бул багытта ӨКМ дагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен тыгыз иш жүргүзүп жакшы натыйжаларга жетишүүдө. Мисалга алсак, учурда министрликтин дээрлик көпчүлүк өздүк курамы “Кыргызтесттен” жакшы көрсөткүчтөр менен өтүшүп, кыргыз тилине байланыштуу кесиптик деңгээлин жогорулатышууда. Министрликте ар улуттун жарандары эмгектенгендигин эске алуу алуу менен кыргыз тил курстары байма-бай өткөрүлүп, негизги иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
Кыргыз элинин улуулугун, тарыхын, тилдин, улуттун пайда болушун, башка улуттардан айырмаланып турган нарк-насилибиз тууралуу кенен баяндаган төрага Мелис Мураталиевге ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ыраазычылык билдирип, министрликте кыргыз таануу, элибиздин тарыхы тууралуу жолугушууларды байма-бай уюштуруусун колдой турганын белгиледи.
Жыйындын соңунда кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилдин колдонулушун сактоого, анын сапатын көтөрүүгө, кызматкерлердин руханий байлыгын өстүрүүгө жана кыргыз тилине болгон кызыгуусун күчөтүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиевге  ӨКМдин “Аскердик-жарандык мамилелерди чыңдагандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйланды.
Архив