Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган “Каармандар сүйлөйт” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
2024-жылдын 26-декабрында Бишкек шаардык билим берүү департаментинин иш планынын алкагында, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү максатында, №77 мектебинин базасында “Каармандар сүйлөйт” шаардык кароо-сынагы өткөрүлдү. ✨
Бул иш-чарага райондук турдан ийгиликке жетишкен, биринчи жана экинчи орунду ээлеген 8 таланттуу топ катышты.
Кароо-сынакта жазуучунун чыгармаларынан алынган каармандардын монологдору жана сахналык көрсөтмөлөр жогорку деңгээлде аткарылып, көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды. 
Калыстар тобу да мыкты адистерден куралган:
 • Сооронбаева Айнура Аляскаровна – Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси,
 • Сманбеков Темирлан – театр ишмери жана кино актёру,
 • Турдубаева Назгүл Шаршеналиевна – КУУнун филология илимдеринин кандидаты, доцент,
 • Шаршембаева Лира Сыдыкбековна – педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы. 🌟
Жеңүүчүлөр:
🥇 1-орун: №78 орто мектеби
🥈 2-орун: №105 орто мектеби
🥉 3-орун: №49 жана №57 орто мектептери
Бул сынак окуучулардын Ч.Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгуусун арттырууга, чыгармачыл жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана адабий баалуулуктарды даңазалоого багытталган.
Архив