“БИЛГИ” интеллектуалдык теледолбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды

 Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук телерадио корпорациясы  менен биргеликте уюштурулган “БИЛГИ” интеллектуалдык теледолбоору өз жыйынтыгын чыгарды.

Эскерте кетсек, бул долбоор 2024-жыл ичинде уланып, республикалык деңгээлдеги 22 жогорку окуу жайдын студенттерин камтыган таймаштар аркылуу өттү. Финалга төрт окуу жай жетишип, төмөнкүдөй жыйынтык чыкты:

    •    Баш байге (500 000 сом): К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институту.

    •    1-орун (250 000 сом): Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

    •    2-орун (150 000 сом): Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.

    •    3-орун (100 000 сом): Кыргыз Республикасынын ИИМ милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тапшырып,  “Бул долбоор өлкөбүздүн жаштарынын билимге жана жаңы ачылыштарга болгон кызыгуусун арттыруу менен аларды өнүгүүгө багыттайт. Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда. Финалга жеткен ар бир студентти чын жүрөктөн куттуктайм жана силердин келечектеги ийгиликтериңер менен дагы да сыймыктанабыз”, - деп билдирди.

Долбоордун мыкты деңгээлде өтүүсүнө салым кошкон бардык уюштуруучуларга жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!

Архив