Бишкекте “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун таанытымы өттү

2025-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы орус жана аралаш тилде окутулган мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кыргыз тили мугалимдери үчүн “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун таанытым иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара №27 мектептин базасында уюштурулуп, мамлекеттик тилди заманбап технологиялар аркылуу өнүктүрүүнү көздөгөн мугалимдерди жана адистерди бириктирди.

Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кутмырза Жакыбалиев ачып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жаңы технологиялардын ордун белгиледи. Ошондой эле, ал мамлекеттик тил мугалимдеринин тилди жайылтуудагы жана окутуудагы маанилүү ролун баса белгилеп, алардын эмгеги жогору бааланаарын айтты.

Иш-чаранын алкагында Борбордук Азиядагы Америка Университетинин ага окутуучусу Данияр Карабаев “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосу боюнча кеңири маалымат берди. Ал бул колдонмо кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдеткен инновациялык жана интерактивдүү курал экендигин айтып, өзгөчө орус тилдүү мектептерде окуган окуучулар үчүн пайдалуу болоорун белгиледи.

Катышуучу мугалимдер жаңы тиркемени зор кызыгуу менен кабыл алышып, анын кыргыз тилин окутууда чоң жардамчы болоору тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Алар бул платформа окуучулар үчүн кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдеткен заманбап ресурс экенин белгилешти. Ошондой эле, аталган колдонмо мектеп мугалимдеринен тышкары, бала бакчалардын тарбиячылары үчүн да пайдалуу курал болоору баса көрсөтүлдү.


Иш-чаранын жыйынтыгында мугалимдер “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” колдонмосу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана анын колдонулушун кеңейтүүгө салым кошо турган заманбап жана натыйжалуу инструмент экендигин бир добуштан белгилешти.

Архив