Бүгүн 18-февралда, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу Окуу-маалыматтык жана котормо борбору тарабынан “Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана кепти туура колдонуудагы айрым маселелер” аталышындагы окуу-усулдук иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, КР Билим жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов жана ЖОЖдордун, жеке окуу курстардын окутуучулары катышты.
Иш-чарада “Кыргызтест”системасынын деңгээлдик талаптарына (А1, А2) ылайык иштелип чыккан жаңы видеосабактардын таанытымы өттү.
Бул сабактар тил үйрөнүүчүлөргө жандуу, визуалдык жана жеткиликтүү формада билим алууга чоң көмөк көрсөтөт.
Мындан сырткары “УЛУТ Софт” компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов жасалма интеллекттин тил үйрөтүүдөгү ролу, анын мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги долбоорлор тууралуу кеңири баяндама жасады. Бул жаңы технологиялар тилди үйрөнүүнү жеңилдетип, окутуу процессин дагы натыйжалуу кылат.
Мындан сырткары иш-чарага онлайн форматта:
• Мирзаева Салимахон Райимжановна (Өзбекстан, Андижан мамлекеттик университети);
• Адилханова Жанна Сайынқызы (Казакстан, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети);
• Хасанов Абдуманнон Мажидович (Өзбекстан, Илимдер академиясы) - тилди окутууда заманбап ыкмалар, кесиптик тилди өздөштүрүү жана методикалык жаңычылдыктар боюнча баалуу ойлорун бөлүшүп, катышты.
Талкуу учурунда мамлекеттик тилди үйрөтүүдөгү натыйжалуу ыкмалар, деңгээлдер боюнча окутуунун өзгөчөлүктөрү жана иш кагаздарын туура жүргүзүү боюнча курстарды өркүндөтүү зарылдыгы баса белгиленди.