Комитет мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
Бүгүн 14-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору, «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.


Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.


Мыйзам долбоорлору тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев маалымат берди.


Сунушталган конституциялык мыйзам долбоорунун негизги максаты – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамына талдоонун негизинде аныкталган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аталган конституциялык Мыйзамда каралган ченемдерге Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык Мыйзамдарынын ченемдерин шайкеш келтирүү.
Архив