- КР Министрлер Кабинетинин токтому 17.04.2025-ж. № 211
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32, 33-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргызтест» системасы боюнча кызматтык жана функциялык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө төмөнкүдөй мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери белгиленсин:
1) тизмеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленгенмамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн:
2025-жылдан тартып – орто деңгээлден (В1) төмөн эмес;
2027-жылдан тартып – ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес;
2) бул пункттун 1-пунктчасында каралган адамдардын категориясына кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген адамдардан тышкары, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана илимий кызматкерлери жана саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн:
2026-жылдан тартып – орто деңгээлден (В1) төмөн эмес;
2028-жылдан тартып – ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес;
3) бул пункттун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөндөрдүн ичинен Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган этностук азчылыктын өкүлдөрү үчүн:
2026-жылдан тартып – базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес;
2028-жылдан тартып – орто деңгээлден (В1) төмөн эмес.
2. Кызматтык жана функциялык милдеттери бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында презентация кылуу, чыгып сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары жана кызматкерлер үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу деп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы иш берүүчүлөр кызмат адамдарын жана кызматкерлерин мамлекеттик тилди зарыл деңгээлде окутууну камсыз кылууга тийиш деп;
2) 2025-жылдын ичинде ушул токтом менен талап кылынган деңгээлде мамлекеттик тилди билүү боюнча кызматкерлердин сертификатынын жоктугу аларды ээлеген кызмат орундарына ылайык келбейт деп таануу же кызмат ордунан төмөндөтүү үчүн негиз болуп саналбайт деп;
3) бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 «Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев