2025-жылдын 23-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштык жана методологиялык функциялары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференциянын негизги багыттары төмөнкүлөр болду:
• Билим берүү ишмердүүлүгүндөгү философиянын методологиялык функциялары;
• Ааламдашуу процессинин билим берүү системаларынын дүйнө караштык негиздерине тийгизген таасири;
• Философия жана студенттердин инсандык өнүгүүсү.
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев “Кыргыз дүйнө таанымы” темасында баяндама жасап, кыргыз философиясынын терең тамырлары, улуттук дүйнө таанымдын баалуулугу жана билим берүү менен тил саясатынын айкалышы тууралуу кенен пикир бөлүштү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү философ-окумуштуулар, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулары катышты.
Бул иш-чара философия илиминин билим берүүдөгү ордун кайра баалоого, ошондой эле студенттердин инсандык жана руханий өнүгүүсүн колдоого багытталган маанилүү диалог аянтчасы болду.