Аламүдүн районунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү

2025-жылдын 19-июнунда Аламүдүн районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу Жарлыгын түшүндүрүү максатында  жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага райондук деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн жана айыл башчыларынын өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү, маданият, спорт, дин тармагындагы адистер жана айылдык Кеңештердин төрагалары менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын ачылышында Аламүдүн районунун акими А.К. Эргешов сөз сүйлөп, катышуучуларды бул Жарлыктын мааниси жана максаттары менен тааныштырды. Ал улуттук идеологияны чыңдоо, мамлекеттик тилдин макамын жогорулатуу жана руханий өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча өлкө жетекчилигинин саясий эркинин маанилүүлүгүн белгилеп, бул иш-аракеттерди жеринде натыйжалуу ишке ашырууга чакырды.

Жыйындын негизги баяндамачысы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө кеңири түшүндүрмө берип өттү. Ал Президенттин бул Жарлыгы — улуттук баалуулуктарды даңазалоо, тилди жана маданиятты өнүктүрүү аркылуу коомду бириктирүүнү максат кылган олуттуу идеологиялык кадам экенин баса белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир катар суроолор берилип, тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуулар болду. Катышуучулар Жарлыкта белгиленген багыттар боюнча өз мекемелеринде жана коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бул жыйын Аламүдүн районунда мамлекеттик тилди, улуттук идеологияны жана руханий баалуулуктарды жайылтуу боюнча уюштурулуп жаткан иштердин бир бөлүгү катары өттү.

Архив