Дил баян сынагы 2-орун: "Эне", "Нарк", "Бешик"

Мен дүйнө балдарына үйрөткүм келген үч кыргызча сөз – «Эне», «Нарк» жана «Бешик».
Кыргыз элинин тарыхында жана күнүмдүк турмушунда үч улуу түшүнүк бар: Эне, Нарк, Бешик. Бул үч сөз бир эле учурда үй-бүлөнүн, улуттун жана мамлекеттүүлүктүн башаты болуп саналат. Ар бир кыргыз бала дүйнөгө келгенде биринчи үнүн энеге угузат, биринчи жаткан орундук бешик, ал эми чоңойгон сайын эне сүтү менен кошо наркты, каада-салтты, улуттук өзгөчөлүктү сиңирет.

Эне – бул жөн гана бала төрөгөн адам эмес, бул – тарбиячы, тил үйрөткөн мугалим, каада-салтты уланткан устат. Эненин колунан кармаган бала өмүр бою ыймандуу, боорукер, мээримдүү болуп чоңоёт. Кыргыздарда: «Энени сыйлаган элге жагат» деген кеп бар. Эне – улуттук баалуулуктардын башаты, анткени ал кыргыз тилин, жомогун, макал-лакаптарын баланын жүрөгүнө түбөлүккө калтырат. Эне бар жерде нарк бар, эне бар жерде тил да, улут да жашайт.

Нарк – кыргыз эли үчүн бул сөз абдан терең. Нарк – кадыр-барк, абийир, адамдын жүзү. «Нарктуу адам» дегенде адилет, ак жүрөк, сөзү менен иши бир адам түшүндүрүлөт. Нарк – бул адамдын да, элдин да кадыр-баркы. Нарксыз эл улут катары өмүр сүрө албайт. Кыргыздардын наркы алардын тарыхында, эрдигинде, адеп-ахлагында чагылат. Нарк – бул жөн гана салт эмес, бул – жоопкерчилик, уят-сый, адилеттик, боорукерлик. «Ой өзүңдө, нарк колунда» деп улуулар бекеринен айтпайт. Нарк бар жерде улуттун жүзү таза, келечеги жарык болот. Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов агайдын «Нарк куржун» деген берүүсү кыргыз элине чоң тарбия берүүдө.

Бешик – бул ыйык түшүнүк. Бешикке салуу каадасы – кыргыздын эң байыркы салты. Бешик баланы сактап, ден-соолугун чыңдап гана тим болбостон, аны салт-санаага, тартипке үйрөтөт. Бешик – тарбиянын башаты, үйдүн берекеси. «Бешик боосу бек болсун» деп жаңы төрөлгөн балага айтылган тилек – бул жашоонун коопсуздугу, узак өмүрдүн кепилдиги. Бешиктен башталган тарбия кийин бүткүл элдин наркына айланат. Кыргыз улутун түшүндүргөн буюмдардын бири десем жаңылышпайм. Кыргыз маданиятында да бешик чоң орунду ээлейт. «Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет» деген сөз да жөн жерден чыккан эмес.

Ушул үч сөздү бириктиргенде биз кыргыз элинин түпкү философиясын көрөбүз: Эне – тарбиячы, Бешик – тарбиянын мектеби, Нарк – ошол тарбиянын жыйынтыгы. Эгерде ар бирибиз ушул үч түшүнүктү ыйык тутсак, тилди да, салтты да, мамлекетти да сактап калабыз. Эне менен башталган жашоо бешик аркылуу наркка айланып, нарк аркылуу улуттук рухту бекемдейт. Бул үч сөз – кыргыз элинин түбөлүктүү сыймыгы.

“Дүйнө балдарына үйрөткүм келген 3 кыргызча сөз” дилбаян сынагынын жеңүүчүсү (2-орун):  Нурсултан Сайпидинов


Мамлекеттик тил күнүнө карата, “Балаком” басма үйү (@balakom.kg) жана Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы (@mamtil.gov.kg) биргеликте дилбаян сынагын жарыялаган.

Сынак үчүн келген дилбаяндардын жалпы саны - 465.
Жалпы жарактуу дилбаяндардын саны - 322.
Жараксыз (кыргызча тамга жок, документ ачылган жок, башка тема ж.б.у.с. ) - 143.

Акчалай каражаттын демөөрчүсү: "Балаком" басма үйү. 

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Ал эми жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!

 

Архив