Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошев, жетекчилик курам, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн башчысы А.Телекманова, санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы А.Эсенов, ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринин башчылары жана өздүк курам катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошев мамлекеттик тилдин мамлекеттүүлүктөгү ордуна токтолуп, анын укуктук макамы жана практикалык колдонулушу өзгөчө мааниге ээлигин, ар бир мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди кызматтык ишинде колдонууга милдеттүү экенин белгиледи.

«Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жана мамлекеттүүлүктүн негизги символдорунун бири. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында иш кагаздарын жүргүзүү жана расмий иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат. Бул багыттагы иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылып, көзөмөлгө алынат», — деди Ч.Кожошев.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМКда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу Башкы штабдын башчысы, ички кызматтын полковниги Азамат Айманбетов баяндама жасады. Анда мамлекеттик тилди кызматтык иште кеңири колдонуу, документ жүгүртүүнү толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүү жана кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатуу багытындагы чаралар белгиленди.

Андан тышкары, Мелис Мураталиев «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонууга муктаж» деген темада мазмундуу лекция окуп, өздүк курам менен жандуу баарлашуу өткөрдү. Ал мамлекеттик тилдин коомдогу ролуна, аны күнүмдүк турмушта жана мамлекеттик башкарууда активдүү колдонуу зарылдыгына кеңири токтолду.

Ошондой эле, Комиссиянын санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында иштелип чыккан санариптик платформалар менен тааныштырып, алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында өздүк курамга мамлекеттик тилди билүүнүн милдеттүүлүгү, «Кыргызтест» системасы аркылуу сертификат алуунун маанилүүлүгү, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын аткаруу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Архив