2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан уюштурулган «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарынын, басма жана редакция тармагынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, тилчи-окумуштуулар, эксперттер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Конференцияда алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин өнүгүшү улуттук биримдикти бекемдөөнүн, билим берүү сапатын жогорулатуунун жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоонун маанилүү фактору экенин белгиледи. Ал кыргыз тилинин жазуу маданиятын өркүндөтүү боюнча бардык демилгелер кеңири коомдук талкууга жана илимий негизге таянышы керектигин баса белгиледи.
Жазуу эрежелерин толуктап иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун атынан КР УИАнын академиги Сыртбай Мусаев чыгып, кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин толукталган жана такталган жаңы редакциясынын долбоорун тааныштырды. Баяндамада орфографиялык маселелердин учурдагы абалы, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн илимий негиздери жана алардын практикалык мааниси кеңири түшүндүрүлдү.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова жаңы редакциядагы орфографиялык эрежелердин долбоорунун презентациясын жасап, колдонуудагы жана сунушталган эрежелердин салыштырма талдоо жүргүздү.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тилинин орфографиясын өркүндөтүүгө байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланып, кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өркүндөтүү мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, калктын сабаттуулугун жогорулатууга, жазуу маданиятын өркүндөтүүгө жана кыргыз тилинин табигый өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өркүндөтүү боюнча сунушталган өзгөртүүлөрдү өлкөнүн бардык аймактарында кеңири коомдук талкуудан өткөрүү зарылдыгын белгилешти.