ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАНДЫ\ БАЛДАР ҮЧҮН КӨРКӨМ АБАБИЙ ЖАНА МУЗЫКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДЫН МЫКТЫ АВТОРЛОРУН АНЫКТООЧУ СЫНАКТЫ УЮШТУРУУ

Балдар үчүн көркөм адабий жана музыкалык чыгармалардын мыкты авторлорун аныктоо боюнча конкурс уюштуруу долбооруна 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

 

1. Жалпы жоболор

Ушул техникалык тапшырма 2026-2028- жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында балдар үчүн кыргыз тилиндеги сапаттуу көркөм адабий жана музыкалык чыгармаларды жаратууга дем берүү, таланттуу авторлорду аныктоо жана алардын чыгармачылыгын колдоо максатында конкурс уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүгө карата талаптарды аныктайт.

Конкурс уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык уюштуруучулук, техникалык, маалыматтык жана чыгармачылык иштер Аткаруучу тарабынан Буйрутмачы менен макулдашуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

 2. Конкурстун максаты

        Конкурстун негизги максаты — балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык, кыргыз тилинде жазылган жогорку сапаттагы көркөм адабий жана музыкалык чыгармалардын жаралышына шарт түзүү жана мыкты авторлорду аныктоо.

 Конкурстун милдеттери:

  • Кыргыз тилиндеги балдар адабиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • Балдар үчүн жаңы музыкалык чыгармалардын жаралышына өбөлгө түзүү;
  • Балдарга арналган көркөм чыгармалардын авторлорун, композиторлорду аныктоо;
  • Жаш авторлорду чыгармачылыкка тартуу;
  • Балдардын кыргыз тилине, адабиятына, маданиятына жана улуттук баалуулуктарына болгон кызыгуусун арттыруу;



3. Конкурстун багыттары жана баалоо критерийлери

 

Конкурс уюштуруу долбооруна каралган жалпы каражат 3 млн сом, анын ичинен 2 млн сому байге фондуна каралууга тийиш.  

Балдарга арналган көркөм адабий жана музыкалык чыгармалар багыты боюнча экиге бөлүнүп каралат. Ар бир тармактан I – II – III- байгелүү орундар аныкталып, калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер берилет. 



«Балдар үчүн мыкты көркөм адабий чыгарма (аңгеме, жомок, поэма, чакан повесть) жана балдардын аткаруусуна ыңгайлашкан обондуу ырлары. 


  • Чыгарманын тарбиялык, таанып-билүүчүлүк деңгээли;

·Кыргыз тилинин туура жана көркөм колдонулушу;

·Сюжеттин актуалдуулугу;

·Баланын жаш өзгөчөлүгүнө шайкештиги;

·Улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын камтылышы;

·Музыкалык композициянын сапаты;


4. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү 3 ай

  1. Сентябрь –Аткаруучу тарабынан  конкурс жарыялоо, авторлордун эмгегин чогултуу; 
  2. Октябрь – Комиссия  түзүп, чыгармаларды карап чыгууга тапшыруу
  3. 20- Ноябрь – Дүйнөлүк бала күнүнө карата жыйынтыктоочу иш-чара, сыйлоо аземин уюштуруу. 

Аткаруучу келишим түзүлгөндөн кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде так календардык иш планын буюртмачыга бекитүүгө берүүгө тийиш.


 5. Жеңүүчүлөрдү аныктоо

 Көркөм адабий жана музыкалык чыгармалар боюнчаа I, II, III орундун жеңүүчүлөрү комиссиялык топтун баалоосунун жыйынтыгында аныкталат.

  • Жыйынтыгы протокол менен таризделет;
  • Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан бекитилет;
  • Жеңүүчүлөр жыйынтыктоочу иш-чарада жарыяланат.

6.  Автордук укуктар
 

 
Конкурска кабыл алынган чыгармалардын автордук укуктарына байланышкан бардык маселелер Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. Аткаруучу конкурс жөнүндө жобого чыгармаларды пайдалануунун шарттарын, авторлордун макулдугун жана Буюртмачынын чыгармаларды мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында пайдалануу мүмкүнчүлүгүн так көрсөтүүгө тийиш.

 

7. Жыйынтыктоочу иш-чара

 Аткаруучу конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча жыйынтыктоочу иш-чараны толук уюштурууга тийиш.
 

  • Иш-чаранын сценарийин даярдоо;
  • Алып баруучуларды камсыз кылуу;
  • Залды жана сахнаны даярдоо;
  • Сахналык дизайнды уюштуруу;
  • Үн жана жарык жабдууларын камсыз кылуу;
  • Жеңүүчүлөрдү чакыруу; 
  • Эксперттерди жана ардактуу конокторду чакырууну уюштуруу;
  • Сертификаттарды, дипломдорду жана башка полиграфиялык материалдарды даярдоо;
  • Фото жана видео тартууну уюштуруу;
  • Фуршет уюштуруу.

8. Отчёттуулук

 Аткаруучу аткарылган иштер боюнча 
буйрутмачыга жыйынтыктоочу отчёт тапшыруусу кажет:

·Конкурс жөнүндө жалпы маалымат;

·Катышуучулардын жалпы санырегиондор боюнча статистика;

·Калыстар тууралуу маалымат;

·Жеңүүчүлөр тууралуу маалымат;

·Маалыматтык кампаниянын көрсөткүчтөрү;

  • Фото-видео материалдар;
  • Сметалык жалпы отчёт.


10. Жалпы талаптар

Аткаруучу бардык иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүгө тийиш.

Аткаруучу конкурстун сапаттуу уюштурулушуна, катышуучулардын демографиялык жана гендерлик теңдүүлүгүнө, документтердин тактыгына жана эксперттик баалоонун калыс уюштурулушуна жооп берет.

 Техникалык тапшырмада көрсөтүлбөгөн, бирок конкурсту толук жана сапаттуу уюштуруу үчүн объективдүү зарыл болгон иштер Аткаруучу тарабынан жалпы кызмат көрсөтүүнүн алкагында аткарылууга тийиш.

Аткаруучудан талап кыланат

1. Конкурсту өткөрүү планын иштеп чыгуу.

  • Чыгармаларды кабыл алуу тартибин аныктоо;
  • Конкурстук комиссиянын иштөө тартибин даярдоо;
  • Баалоо критерийлерин иштеп чыгуу;
  • Конкурстун календардык планын түзүү;
  • Жыйынтыктоочу иш-чараны мыкты деңгээлде уюштуруу.
  • Иш-чанын жыйынтыгы боюнча отчёт тапшыруу.
  • Маалыматтык кампания уюштуруп, ЖМКларда кеңири жайылуусун камсыздайт.

3.  Баалоо комиссиясын түзүү

 Аткаруучу Буйрутмачы менен макулдашуу аркылуу компетенттүү эксперттерден турган баалоочу комиссиянын ишин уюштурууга тийиш.

Комиссиянын курамына:

  • Акын, жазуучулар;
  • балдар адабияты боюнча адистер;
  • кыргыз тилчилери;
  • композиторлор;
  • педагогдор;
  • балдар психологу;
  • маданият жана чыгармачылык чөйрөсүнүн өкүлдөрү сунушталат.

Аткаруучуга коюлуучу квалификациялык талаптар

Аткаруучу:

Коомдук, чыгармачылык, маданий же республикалык деңгээлдеги конкурстарды жана иш-чараларды уюштуруу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болушу.

 

Архив