ИИМдин Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августунда өткөргөн жыйынынын чечими менен кабыл алынган «Мамлекеттик тилдин бир айлыгынын» алкагында жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин бир айлыгын өткөрүү жөнүндө» № 609-т тескемесин аткаруу максатында, 2022-жылдын 9-сентябрь күнү Республикалык окуу борборунда билим алып жатышкан баштапкы даярдоо курсунун талапкерлеринин катышуусу менен «Тилимди коргогонум – Мекенди коргогонум» аттуу поэзия сынагы өткөрүлдү. Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кыргыз тил кординатору акын, котормочу  Исмаилов Алтынбек чакырылды.  Поэзия кечесинде кыргызды кыргыз  кылып  тааныткан Манас эпосунан үзүндү айтылып, кыргыздын белгилүү акындарынын ырларынан көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды
Архив