КАДРЛАР РЕЗЕРВИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

КАДРЛАР РЕЗЕРВИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.


Квалификациялык талаптар:


1) Улук кызмат орундары үчүн:

  • гуманитардык илим багытындагы филология, лингвистика боюнча жана юридикалык жогорку билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.


2) Кенже кызмат орундары үчүн:

  • гуманитардык илимдер багытындагы филология, лингвистика, экономика, башкаруу багынтындагы экономикалык илимдер, информациялык технологиялар илимдер багытындагы информациялык система жана технологиялар илими боюнча жогорку кесиптик билим.
  • иш стажына талап коюлбайт.


Кесиптик компетенттүүлүгү:

Улук кызмат орундары үчүн:

Билүүгө тийиш:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын; 
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын; 
  5.  “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын; 
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
  7.  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  8. Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.


Юриспруденция багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • “Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому;
  • “Кыргыз Республикасынын Мыйзам алдындагы актыларынын долбоорун укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизалардан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому;
  • “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому.

Билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • бөлүмдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды сунуштоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;
  • алдыга койгон милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, аймактык өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарылчылыкка жараша) билүүсү.
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.


Кенже кызмат орундары үчүн:

 Билүүгө тийиш:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 
  2.  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
  4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.


Экономика багыты боюнча:

  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси. 

Маалыматтык технологиялар багыты боюнча:

  • “Электрондук кол коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны 
  • практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө.
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык 
  • продуктуларды колдоно билүү.


Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):

  • Өздүк арызы;
  • Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен; 
  • Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
  • Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
  • Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
  • Паспорттун көчүрмөсү.


Документтер 2022-жылдын 28-октябрына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 9.00дөн 17.00гө чейин.

Дареги: Бишкек ш., Бөкөнбаев көчөсү 182, № 4-кабинет.

Байланыш телефондор: 31-58-15, 31-58-40;


 Конкурс www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.



Архив