Окутуу-семинар Алай районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Ош облусунун райондорунда 2023-жылдын 13-24-май күндөрү "Кыргыз Республикасынын Типтүү нускамасынын негизинде мамлекеттик органдарда иш кагаздарын түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" аталышындагы окутуу-семинары болду. 

2023-жылдын 24-май күнү көчмө топ Алай районунда ишин улантты. Иш-чараныКыргыз Республикасынын Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу  алып барды. Семинарга райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, мекеме-уюмдардын кадр маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүү ишине жооптуу адистер, мектеп мугалимдери, бала бакча кызматкерлери катышты. 

Окутуу-семинарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Телекманова Алмагүл Өмүрзаковна “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин абалы” деген темада баяндама жасап, мыйзамдын маңызына, тил саясатынын маанисине кенен токтолду.

Окутуу-семинарынын кийинки бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик түзүү, жүргүзүү боюнча типтүү нускама" менен Архив кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ү.Эргешов, ал эми "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине ылайык түзүү" боюнча ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Т.Эралиева маалымат берди.


Архив