Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен жеринде таанышты

Бүгүн 30-майда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев  менен бирге окуу жайдын жаңы  корпусунун ички жана тышкы инфраструктурасы, материалдык базасы  менен жакындан таанышып, студенттердин жаратман ишкердигин чагылдырган көргөзмөгө жана жаш окутуучулардын жаңы технологиялардын жардамы менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган инновациялык усулдук сабактарына күбө болду.


Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич, мамлекеттик тилдин жайылуусуна шарт түзүп, ар тараптуу колдоого алган окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевге мындан ары да ийгиликтерди каалап, педагогикалык багыттагы окуу жайдын тил саясатын жүргүзүүдө орду чоң экендигин жана алдыда мерчемделген долбоорлорду биргеликте ишке ашырууда тилектештигин билдирди.

Архив