Канатбек Сейдалиев Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич кол койгон тескемеге ылайык Сейдалиев Канатбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Төраганын орун басарын КР Президентинин Администрациясынын ТӨМ (ЦУР) жана донордук жардамга мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы Баянбек Тилек жана КР Президентинин Администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти  Кыял Жанузакова эмгек жамаатка тааныштырды.
Архив