Баткен шаарында жарнамаларга рейд жүргүзүлдү

2024-жылдын 22-июлунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Баткен шаарынын вице-мэри, мэриянын жана Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарынын И.Раззаков жана Т.Садыков көчөлөрүндө илинген, шаардын көркүн бузган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жана жөө жүргөн адамдарга кооптуу болгон 60тан ашуун жарнамалар жеринде алынды. 

Мындан сырткары, мыйзамсыз илинген жарнамалардын ээлерине "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана  "Жарнама жөнүндөгү" Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Архив