Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча мыйзам долбоорлорун коомдук талкуу өткөрүлдү
2024-жылдын 29-августунда  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору боюнча коомдук талкуу өткөрдү.
Сунушталган мыйзам долбоорлорунун негизги максаты – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына талдоонун негизинде аныкталган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аталган конституциялык Мыйзамда каралган ченемдерге Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарынын ченемдерин шайкеш келтирүү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына), ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө», «Нотариат жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө», «Жарнама жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүү жана толуктоолор боюнча маселелер талкууланды.
Жыйынды Улуттук комиссиянын төрагасы
М.К. Мураталиев ачып, КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В.К. Раимбачаева,
КР Президентинин кеңешчиси Б. И.Борубашов, Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.А.Акматалиев, КР ММСЖМга караштуу Мониторинг борборунун жетекчиси
С.К. Тажиматов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.К.Ниязбекова, «Бишкекбашкыархитектура» ММ башкы сүрөтчүсү Рысбек уулу Сыймык, коомдук ишмерлер Нарып Айып, Бакыт Орунбеков, Ж.Касаболотов, тилчи-окумуштуулар
Д.О. Кенжебаев, А.Э. Мамбеталиев, тил маселеси боюнча эксперттер, журналисттер, коомдук активисттер ж.б. катышты.
Архив