2024-жылдын 23-сентябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргыз Республикасынын ведомстволорунун кызматкерлери, Жогорку окуу жайлардын ардактуу профессорлору, окутуучулары, коомдук ишмерлер, коомдук уюмдар, жаштар ж.б. ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада Улуттук комиссиянын атайын «Кыргыз тили» төш белгиси, Ардак грамоталары жана Улуттук комиссия тарабынан Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө «Элдик банктын» демөөрчүлүгү менен заманбап планшеттер тапшырылды.
Мындан тышкары салтанаттуу иш-чарада Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, жыйынтыгында «Ырдайлы кыргыз ырларын» концерттик программасы менен коштолду.
КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫ ЖАНА
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА ӨТКӨН СЫНАКТЫН
БИРИНЧИ АЙЛЫГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ:
1. Кундузбекова Жыпар Жайлообековна - Кыргыз Республикасынын Салык кызматы (жетектөөчү адиси);
2. Касмалиева Айсулуу Бишкек шаарынын - Октябрь райондук администрациясы (уюштуруу жана кадр иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси);
3. Маматсабыр уулу Азамат - КР Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы (прапорщик);
4. Дарданов Бекбол Мирланович - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Борбордук аппараты (Пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын тарифтик саясат бөлүмүнүн адиси);
5. Советбек уулу Азамат - Ош шаарынын мэриясы (Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын Өндүрүштүк чарба бөлүмүнүн башчысы).
Эскерте кетсек, Улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасында атайын төрт айлык жарыяланган. Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзгөчө шарт түзүп, башкы өнөктөш болгон Элдик Банкка ыраазычылык билдиребиз!