Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы белгиленди
2024-жылдын 25-сентябрда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы белгиленди. 
Иш-чарада Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев окуу жайдын ректору Индира Кудайбергеновага студенттерди окутууда мамлекеттик тилдеги терминдерди колдонуу максатында Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүн, Медицинада көп кездешүүчү орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүк китептерин тапшырды.
Архив