Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыялаган сынактын жобосу

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2024-жылдын 

25-июлундагы № 52  буйругу 


КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА ЖАНА “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН  35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН АРАСЫНДАГЫ СЫНАКТЫН 

ЖОБОСУ

1. Жалпы жоболор

1.1. Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары – Улуттук комиссия) тарабынан 2018 – 2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, 2021 – 2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын, 2021  2026-жылдары инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын, Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын, "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепциясын жүзөгө ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  35 жылдыгына карата жарыяланган сынактын уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.

1.2.  Сынак Уюштуруу тобу тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.

1.3. Сынактын ар бир этабынын жыйынтыгында беш мыкты кызматкерге баалуу байгелер ыйгарылат. 

2. Сынактын максаты:

2.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын                                  24-октябрындагы № 270 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын өткөрүү жана  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү аркылуу мамлекеттүүлүктүн негиздерин чыӊдоо, мамлекеттик тил мыйзамынын конституциялык даражасын таануу жана мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү.

2.2. Нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге жана салттуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеп маданиятынын сабаттуулугун жогорулатуу.

3. Сынактын катышуучулары

3.1. Сынакка  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши, Кыргыз Республикасынын сот органдары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Статистикалык комитети, министрликтер жана ведомстволук түзүмдөрү, облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн аппараты жана райондук мамлекеттик администрациялары, Бишкек, Ош шаарынын мэрияларынын муниципалдык кызматчылары катышат, катышуучулардын саны чектелбейт. 

Эскертүү: Сынакка филолог, журналист, лингвист, философ, тарыхчылар, маданият. искусство тармагынын өкүлдөрү жана ушул Жобонун 1.1-пунктунда белгиленген программалардын, концепциялардын аткарылышына координация жүргүзүүчү мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүн кызматкерлери катыша албайт.

4. Сынактын тематикасы жана өткөрүү мөөнөтү

4.1. Сынактын II этабы  2024-жылдын 25-сентябрынан 25-октябрына чейин өткөрүлөт. 

4.2. Сынак эки баскычтан турат. Биринчи баскычта видеобаян (видеоролик), экинчи баскычта   атайы иштелип чыккан тест тапшырмасы.


II этап.  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы 25.09.2024 – 25.10.2024

1-баскыч. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында катышуучулар төмөнкүлөрдүн бирин чагылдырган видеоролик (видеобаян) жасашат:

- мамлекеттүүлүк идеясын, анын калыптануу жана өнүгүү этаптарын, тарыхын, маанисин түшүндүрүү, коомчулукка жайылтуу; 

- мамлекеттүүлүк идеясы үчүн күрөшкөн, салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, тарыхый инсандардын өмүр-жолун, аткарган иштерин даңазалоо;

- мамлекеттүүлүктүн негизги уңгусунун бири – тил, тарых, маданияттын маани-маңызын ачып берүү;

Биринчи баскычтын жыйынтыгын ушул Жобонун 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн орган же мекеме эӊ мыкты деген бир видеобаянды (видеороликти) аныктайт жана А4 форматындагы word үлгүсүндөгү таблицаны (тиркелет) толтуруп, 2024-жылдын 25-октябрында synakmamtil@gmail.com почтасына жиберет. 

Келип түшкөн видеобаяндарды (видеороликтерди) жумушчу топ баалоо критерийлерге ылайык тандап чыгат. 

2-баскыч.  Тандалып алынган видеобаянды (видеоролик) калыстар тобуна киргизет. 2024-жылдын 23-октябрынан 25-октябрына чейин жумушчу топ тарабынан   атайы иштелип чыккан тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө онлайн форматында болот.

Сынактын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо: II этапта өткөрүлгөн сынакта жеӊүүчү деп табылган 5 кызматчыга баалуу байгелер  каралган. Жеӊүүчүлөргө байгелер          2024-жылдын октябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан тапшырылат (убактысы жана орду боюнча кошумча маалымат берилет).

5. Видеобаянга (видеороликтерге)  коюлган жалпы талаптар жана критерийлер:

5.1 Сынакка катышкан мамлекеттик (муниципалдык) кызматчы ар бир өткөн айлыктын алкагында берилген тематикага жараша 2,5-3 мүнөттөн ашпаган убакытты камтыган эркин формада видеобаян (видеоролик) жасайт. Алар төмөнкү критерийлер менен бааланат.  

Баалоо критерийлери (1-10 чейинки упай берилет):

  • теманын оригиналдуулугу;
  • тарых менен мамлекеттик тилди даӊазалоо;
  • мамлекеттүүлүк идеясын коомчулукка жайылтуу;
  • улуттук сыймыкты жаратуу;
  • ар-намысты ойготуу;
  • жарандык аӊ-сезимди ойготуу;
  • көркөмдүүлүк;
  • ойдун жеткиликтүүлүгү.

видеобаянга карата талаптар:

  • видео сапаттуу тартылышы зарыл;
  • катышуучунун үнү так жана даана болушу кажет;
  • видеобаян 3 мүнөттөн ашпоого тийиш;
  • Видео МР4 же MOV форматында болушу керек;
  • 9:16 өлчөмүндө портреттик багытта болгону дурус;
  • видеобаян өзү иштеген мекеменин социалдык тармактарына (фейсбук, инстаграм) жүктөлүүсү зарыл;
  • #мамтил35 кештеги менен Улуттук комиссияны белгилөөсү шарт;
  • жүктөлгөн видеобаянга жакты белгисин (лайк) жана пикирлердин көп болушу;
  • башкалар менен бөлүшүлгөн жана көп көрүлгөн статистикалык көрсөткүчтөргө артыкчылыктар каралат.

Сынакта төмөнкү критерийлер каралбайт:

  • автордук иштер (плагиат) кабыл алынбайт;
  • Интернеттен алынган даяр материалдарды колдонуу;
  • даректүү, журналисттик-публицистикалык жанрга ыктоо менен тарыхый даяр тасмалар;
  • көркөм окуу;
  • башка авторлордун жана өзүнүн ырларын айтуу;
  • видеобаян 3 мүнөттөн ашык болгондо;
  • сапатсыз видеобаян.

Байланыш телефону: 0700015452 

Дареги: Бишкек ш., Чыӊгыз Айтматов проспектиси 1с2


Тиркеме


Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун  түзүлгөндүгүнүн 

100 жылдыгына карата 2024-жылдын 25-сентябрынан 25-октябрына чейин өткөрүлүүчү сынактын катышуучулары


№1

Видеороликтин авторунун 

аты-жөнү


Кызмат орду

Телефон номери

(whatsapp)

Видеороликтин шилтемеси

Эскертүү









Тиркемени көчүрүп алуу: Тиркеме.docx






















Архив