Комиссиянын тарыхы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тарыхы

1998-жылы 20-январда жарыяланган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссия түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан. 

2000-жылдын 20-сентябрында “2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгып, “2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы” бекитилген. 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам 2004-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан айрым өзгөртүүлөр менен кабыл алынган. 

2006-жылы 10-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен “Кыргыз тили” төш белгиси негизделген. 

2006-жылы 25-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен конкурстук негизде Мамлекеттик тил гимни кабыл алынган. 

2008-жылы 17-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  чечими   менен  “Кыргыз тили” гезити уюштурулган. 

2009-жылы 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын көмөгү менен “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” жарык көргөн. 

2009-жылы 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” №1592-1 V токтому чыккан. 

2010-жылдын май айынан Кыргыз тилин маалымат-байланыш технологияларында кыргыз тилин колдонуу тартибин бирдейлештирүү максатында атайын адистерден турган жумушчу топ түзүлүп, Microsoft корпорациясынын Windows-7, Office-14 версияларын кыргызчалоо, кыргыз тилиндеги сайттарды, интернет булактарын (Facebook, Twitter, Google, Wikipedia) көбөйтүү иштери жүргүзүлө баштаган. 

2010-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө” №365 Жарлыгы жарыяланып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жобосу, кеңешме органдын курамы бекитилген. 

2011-жылы 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу №370-V токтому жарыяланган. 2011-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” №908- V токтому чыккан. 

2013-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге өткөрүү чаралары жөнүндө” №114 токтому чыккан. 

2013-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө №150 токтому чыккан. 

2013-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” №155 Жарлыгы чыкты. 

2014-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” №119 Жарлыгы чыкты. 

2015-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча иш планды бекитүү тууралуу” №151-б буйругу чыккан. 

2016-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу № 591-VI токтому кабыл алынган. 

2017-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №430 токтому чыккан. 2017-жылдын 21-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” №757 токтому чыккан. 


ЖЕТЕКЧИЛЕРИ

1998-ж. – Абдразаков Ишенбай – Мамлекеттик катчы 

1999-2003-жж. Акматов Казат – орун басары, Мамлекеттик тил фондунун директору 

1999-2000-жж. - Касиев Накен Салиевич – Мамлекеттик катчы 

2001-2015-жж. – Ибраимов Осмонакун – Мамлекеттик катчы 

2005-2006-жж. – Сарыгулов Дастан Исламович – Мамлекеттик катчы 

2006-2007-жж. – Мадумаров Адахан Кимсанбаевич – Мамлекеттик катчы 

2004-2006-жж. – Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич – орун басар, Мамлекеттик тил фондунун директору 

2007-2009-жж. – Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич – төрага 

2010-2011-жж. - Ибраимов Азимжан Жаманакович – төрага 

2011-2012-жж. – Момбеков Рыскелди Чыныбекович – төрага 

2013-2016-жж. – Эрматов Эгемберди – төрага 

2017-2021-жж – Ишекеев Назаркул – төрага 

2021-2022-жж – Мусаев Сыртбай Жолдошович – төрага

2022 - 2024жж Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич – төрага

2024 - жылдын 5-мартынан тартып Мураталиев Мелис Казакбаевич – төрага  


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюшулгандан кийин бир нече жолу жоюлуп, башкача аталып же калыбына келтирилгендиги жөнүндө маалымат: 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия. 

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн токтому,  № 335 2004-жылдын 4-майы.


  1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекетик тил боюнча улуттук комиссия. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментине өзгөртүп түзүлсүн. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому№ 715, 2010-жылдын 24-ноябры.


  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, № 715, 2009-жылдын 19-январы.


  1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, № 365, 2010-жылдын 21-декабры.