Төраганын орун басары

ОРОЗОБЕКОВА ЖЫЛДЫЗ КАЛМАШЕВНА

филология илимдеринин доктору, профессор «Манас» Улуттук академиясынын ардактуу академиги, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары.


Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Тил жана адабият институтунда “Манас” секторунда; “Манас”Улуттук көркөм маданияттын илимий борборунда Эпостун теориясы жана тарыхы бөлүмүндө улук илимий кызматкер. 

2009-жылдан тартып, Ж.Баласагын атындагы Манас таануу кафедрасын түптөгөн жана аны жетектеп турган. 

2012-жылдан тартып  И. Арабаев атындагы КМУ, Манас таануу институтунда Манас таануу жана маданияттаануу кафедрасынын профессору, жетектеп турган.

2016-жылдан “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фонддун илимий координатору болуп иштеген.2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.

1965-жыл: 29 - августа Ыссык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун,  Барскоон айылында  кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

1984-жылы Фрунзе шаарындагы СССРдин   50 жылдыгы атындагы  Кыргыз Мамлекеттик Университеттин (азыркы Ж. Баласагын атындагы КУУ)  кыргыз филологиясы  жана журналистика факультетине келип кирип, кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн ийгиликтүү аяктап бүтүргөн  адистиги филолог окутуучу. 

Атайын жолдомо менен Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына жиберилген- илимий даражалары боюнча адистиги-10.01.09-фольклористика, манас таануучу теоретик, СНГ жана чет мамлекеттеринин арасында таанымал окумуштуу; өздөштүргөн жөндөмдөрү: текстолог, редактор, лектор, котормочу, лингвист. 

1989 – 2008-жылдар аралыгында КУИАнын Тил жана адабият институтунун «Манас» секторунда сынак изилдөөчү, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, улук илимий кызматкер;

1994-1996 КР КУИАсынын Адабият жана искусство институтундагы «Манас» секторунда илимий кызматкер;

 КУИАнын президиумунун алдындагы «Эпостун теориясы жана тарыхы» бөлүмүндө(1995-2007) улук илимий кызматкер; 

 Манас таануу Улуттук маданияты борборунда (2007-2008) улук илимий кызматкер;

1994 -жылы «Манас эпосундагы тулпардын көркөм образы жана сыпаттоо ыкмалары» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

2009-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти; 

2010-жылдан Ж.Баласагын атындагы КУУнун иштеп, Манас таануу  кафедрасын түптөгөн жана кафедра башчысы, профессор; 

2012-2016-жылдан И. Арабаев атындагы КМУдагы Манас таануу институтунда кафедра башчысы, профессор;

Ошол эле убакта, кошумча штатта 2012-2015-жылдары Ж. Баласагын атындагы КУУнун Экономика жана Финансы институтунда профессордук кызмат ордунда иштеген.

2015-жылы КУИАнын Адистештирилген Кеңешинде «Манасчылык өнөрдүн тарыхый өсүп- өнүгүү жолу» аттуу докторлук диссертациясын коргогон.

2017-жылдан тартып КУИАнын докторлук жана кандидаттык илимий даражаны коргоо боюнча Адистештирилген Окумуштуулар Кеңешинин мүчөсү;

2017-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүндө эксперт.

2019-2022- жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.


Илимий эмгектери:

Окумуштуунун илим жолунда көптөгөн эмгектер жаралган атай кетсек:

 297 илимий макаланын, үч монографиянын, үч окуу китебинин, 32 илимий изилдөөнүн автору, 22 көлөмдүү басылмалардын негизгилерин атасак: Кыргыз адабиятынын тарыхынын жети томдугунун, (2004) «Манас» академиялык басылышынын), (1995) «Манас» энциклопедиясынын 2 томдугунун (1995) ж.б.

Илимий изилдөөлөрү жана макалалары чет тилдерде которулуп: Туркияда түрк тилинде: (Коние, Мугла, Анкара, Болу, Стамбулда), орус тилинде: Москва, Новосибирск, Прага, Астана, Кызылордо, Актөбө, Баку, Хакасия; Алматы, Ашхабад; кыргыз тилинде Кытай-Үрүмчү, Текес ж.б. шаарларында жарык көргөн.


“Манас”үчилтигинин варианттарын жазуу, түзүү жана редакциялоо боюнча эмгектери:

  • 2021- жылы манасчы Дөөлөт Сыдыковдун варианты боюнча “Манас” вариантынан- Бишкек: Принт-Экспресс, 2021., 380.
  • 2019-жылы “Семетей” эпосунун эң кыска форматтагы тезистик жорго сөз формасындагы басмасы –Бишкек: Принт-Экспресс, 2019.-
  • 2017-жылы “Манас” эпосунун эң кыска форматтагы тезистик жорго сөз формасындагы басмасы .- Бишкек: Принт-Экспресс,  2017.
  • 2014-жылы манасчы Зуура Сыдыкованын “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат” бөлүктөрү боюнча вариантын түзгɵнБаш сɵзүн жазган.
  • 2014-жылы манасчы С. Касмамбетовдун «Жарманас» бөлүгн илимий басмага редакциялаган, Баш сɵзүн жазган.
  • 2014-ж. Алп манасчы Чоюке Өмүр уулунун небереси Шаабай Азизовдун «Манас», «Семетей», «Сейтек»  үчилтигинин толук вариантын жазып алган, түзгөн жана илимий басмага даярдап, Баш сɵзүн жазганбасмадан чыгарган.
  • 2013-ж. Чоӊ манасчы Шапак Рысмендеевди «Семетей» бөлүгүнүн Баш сөзүн жазып басмадан чыккан. 
  • Шаабай Азизовдун варианты боюнча: “Манас”-Бишкек:Кут-Бер, 2014.-519
  • Шаабай Азизовдун варианты боюнча:«Семетей»- Бишкек:Кут-Бер, 2014.-697
  • Шаабай Азизовдун варианты боюнча:«Сейтек»- Бишкек:Кут-Бер, 2014.-399
  • 2010-ж   Кыргыз элинин мурастарынын антологиясын түзүп  CD дискин чыгарган, (баш сɵзү Ч.Айтматовдуку) (Москва-Екатеринбург)
  • 2006- жылы дастанчы тɵкмɵ акын ТАбдиевдин варианттары боюнча «Курманбек» эпосун дискке түшүргɵн.


  • Үч окуу китебинин, бир окуу программасынын:  
  • 2014 Манастаануу боюнча курстук лекциялары окуу китебинин автору.
  • 2011-ж. Манасоведение орус тилинде (авторлош)
  • 2012-ж Манас таануу кыргыз тилинде (авторлош)
  • 2012-ж Манас таануу типтүү окуу программасы кыргыз тилинде


  • Үч илимий монографиянын: 
  • Айтуучулук өнүрдүн өсүп-өнүгүү жолу. Б.: Бийиктик 2003.г. 299.
  •  «Манас» эпосундагы тулпардын көркөм образы жана сыпаттоо ыкмалары. (поэтика). Б.: Шам. 1996-ж. -115.
  • Манас эпосундагы тулпардын көркөм образы. Б.: Фонд «Сорос Кыргызстан» (окуу курал) 1997-жыл. -125.