Комиссия жөнүндө жобо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Бишкек шаары, 2021-жылдын 28-июлу ПЖ № 319

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия) деп кайра аталсын.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Улуттук комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Улуттук комиссиянын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

- Улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы 3-тиркемеге ылайык.

3. Улуттук комиссиянын карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси.

4. Улуттук комиссия эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, Окутуу-маалыматтык жана котормо борбору жөнүндө жоболорду бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди, анын ичинде "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесинин жана "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин чыгашалар сметасы боюнча бюджеттик каражаттарын Улуттук комиссияга өткөрүп берүү жагын чечсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечишсин;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 24-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 7-мартындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жапаров



 





1-тиркеме



(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 28-июлундагы
 ПЖ № 319 
Жарлыгына)

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жөнүндө
 ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин жана тил саясатын өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Улуттук комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президенти бекитүүчү улуттук программаларды, жалпы таанылган принциптерди жана эле аралык укуктун ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Улуттук комиссия өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар, мекемелер жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.

4. Улуттук комиссия жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан катышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.

5. Улуттук комиссия мамлекеттик мекеме формасындагы юридикалык жак болуп саналат, банктарда өзүнүн алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия", расмий тилде - "Национальная комиссия по государственному языку и языковой политике при Президенте Кыргызской Республики" деген өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана бланктары бар.

6. Улуттук комиссиянын юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 182.

2. Улуттук комиссиянын милдеттери

7. Улуттук комиссиянын негизги милдеттери:

- коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилдин толук жана кеңири колдонулушун камсыздоо;

- мамлекеттик тилдин маалыматтык-билим берүү ресурстарын байытуу;

- кыргыз тилинин лексикалык фондун өркүндөтүү жана системалаштыруу;

- мамлекеттик тилди окутуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана аларга түрткү берүү;

- калктын кеп маданиятынын деңгээлин көтөрүү;

- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда жана мекемелерде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин иштешин камсыз кылуу;

- жарандык коомдун жашоо тиричилигинде мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын калыптандыруу жана өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын мамлекеттик тилди эркин билүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү.

3. Улуттук комиссиянын функциялары

8. Улуттук комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

- мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү программасынын негизги багыттарын иштеп чыгат;

- тил чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну маалыматтык-методикалык жактан камсыздоону уюштурат;

- кыргыз тилин өнүктүрүүнүн заманбап актуалдуу темалары боюнча изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;

- терминдерди бирдейлештирүү, тармактык терминологияны өнүктүрүү жана ономастика маселелери боюнча иштерди жүргүзөт;

- кыргыз тилинин тармактык (экономикалык, финансылык, медициналык, юридикалык, техникалык, транспорттук, аскердик, айыл чарба, өнөр жай, курулуш ж.б.) сөздүктөрүн иштеп чыгууга, жайылтууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөт;

- котормо материалдарынын сапатын, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жыйынтыктарын практикада жайылтуу боюнча чараларды көрөт;

- мамлекеттик тилди санариптештирүү жана аны Интернет тармагына кеңири жайылтуу боюнча чараларды көрөт;

- мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат;

- Улуттук комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын мыйзамдарда белгиленген тартипте карайт;

- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда жана мекемелерде тилди колдонуу чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контроль жана мониторинг жүргүзөт;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча ишин координациялайт;

- мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат;

- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда жана мекемелерде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистердин ишин координациялайт;

- ведомстволук мекемелердин ишин координациялайт жана контролдойт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болгон кызмат адамдарынын, жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;

- жарнамалардын, көрнөктөрдүн, жарыялардын жана башка көрүнөө маалыматтардын (этикеткалардын, баалыктардын ж.б.) тексттерин мамлекеттик тилге которуу боюнча кызматтарды көрсөтөт;

- мамлекеттик тилге окутуу курстарын уюштурат;

- китептерди, аудио-, видеоматериалдарды иштеп чыгууну жана басып чыгарууну уюштурат, мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, дебаттарды, конкурстарды, фестивалдарды, юбилейлерди, илимий, илимий-практикалык жана башка иш-чараларды өткөрөт;

- зарыл окуу китептерди, сөздүктөрдү, кыргыз элинин рухий мурастарын пропагандалоого жана көркөм сөз байлыгын өркүндөтүүгө багытталган башка адабияттарды басып чыгаруунун тематикалык пландарын бекитип, алардын аткарылышын контролдойт.

4. Улуттук комиссиянын укуктары

9. Улуттук комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер, жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү жаатында келишимдерди түзүүгө;

- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана мекемелерден, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери боюнча материалдарды суроого жана алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык жана башка уюмдардан финансылык жана техникалык жардамдарды алууга;

- координациялык жана кеңешме органдарды (кеңештерди, комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторду), анын ичинде белгиленген иш чөйрөсүндө ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын тил жөнүндө мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузууларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, тиешелүү органдарга мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн кызмат адамдарына тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу, аны өнүктүрүү боюнча программаларды аткаруу боюнча отчетторун угууга, сунуштамаларды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

5. Улуттук комиссиянын ишин уюштуруу

10. Улуттук комиссиянын ишине төрага жалпы жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

11. Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болот, ал Улуттук комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Улуттук комиссиянын төрагасы жок учурда төраганын орун басары анын кызматтык милдеттерин аткарат.

12. Улуттук комиссиянын төрагасы:

- Улуттук комиссиянын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Улуттук комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Улуттук комиссиянын кызматкерлерин жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларды тартиптик жазага тартат жана сыйлайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө өтүнөт;

- Улуттук комиссиянын кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда, соттордо жана башка уюмдарда билдирет;

- Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин ортосунда милдеттерин бөлүштүрөт;

- Улуттук комиссиянын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

- Улуттук комиссиянын ведомстволук мекемелеринин жоболорун, уставдарын жана алардын түзүмдөрүн бекитет;

- белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы фондусунун чегинде Улуттук комиссиянын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;

- чыгымдардын сметасын бекитет, Улуттук комиссияны күтүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү финансы каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылоо булактарын белгиленген тартипте тескейт;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын Улуттук комиссия жана ведомстволук мекемелер тарабынан чыгымдалышын контролдойт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

- Терминологиялык жана Ономастикалык комиссиялардын курамын түзөт жана алардын жоболорун бекитет.

13. Улуттук комиссиянын алдында саны 15 адамдан турган кеңешме орган түзүлөт, анын курамын Улуттук комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Кеңешме органдын курамы мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын, билим берүү, илим жана маданият мекемелеринин өкүлдөрүнөн турат жана коомдук башталышта иштейт.

Улуттук комиссиянын кеңешме органы:

- Улуттук комиссиянын компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт;

- мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча иштерди уюштурууга жана ушул процессти оптималдаштыруунун мүмкүн болгон жолдорун жана ыкмаларын иштеп чыгууга катышат;

- котормо материалдарынын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт;

- иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды иштеп чыгуу максатында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;

- сунуштарды жана сунуштамаларды, аналитикалык жана маалыматтык материалдарды, ошондой эле долбоорлорду жана башка документтерди иштеп чыгат;

- мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан башка органдардын, коомдук жана илимий чөйрөдөгүлөрдүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн Улуттук комиссиянын жыйналыштарына чакыруу менен форумдарды жана коомдук угууларды өткөрөт.

Кеңешме органдын төрагасы болуп кызмат орду боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы эсептелет.

Кеңешме органдын жыйналыштары анын төрагасы же ал жокто төраганын орун басары тарабынан зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

Кеңешме органдын жыйналыштары анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.

Кеңешме органдын чечимдери ага катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Добуштар тең чыккан учурда, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.

Кеңешме органдын жыйналыштары протокол менен таризделет, ага жыйналышта төрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коёт.

Кеңешме органдын ишин уюштуруучулук камсыздоо Улуттук комиссияга жүктөлөт.

14. Улуттук комиссияны жана анын ведомстволук мекемелерин күтүүгө чыгымдар республикалык бюджеттен, атайын фонддордон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржы булактарынан каржыланат.

15. Улуттук комиссиянын Кыргыз Республикасынын казыналык системасында атайын эсеби болот.

6. Улуттук комиссиянын мүлкү

16. Улуттук комиссия мыйзамда белгиленген тартипте ага бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат.

17. Улуттук комиссиянын бюджети мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, басма продукцияларын сатуудан жана көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттардын, мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү үчүн коомдук уюмдар, чарбакер субъекттер, жеке адамдар тарабынан чегерилген каражаттардын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашырууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка иш-чаралардын каражаттарынан түзүлөт.

7. Корутунду жоболор

18. Улуттук комиссияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

19. Улуттук комиссиянын иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.


 


2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкаруу
 СХЕМАСЫ