Мамлекеттик тил гимни

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни

Сөзү: Сейит Алтымышовдуку, Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку


Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

Адам деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

Кайырма:

Кыргыз тили – жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!

Мекен тили Ата журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

Кайырма:

Кыргыз тили – жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили бак-таалайдын кутманы.

Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,

Ата журттун келечеги, ак таңы.

Кайырма:

Кыргыз тили – жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!