Төраганын орун басары

Сейдалиев Канатбек Шакирович

Сейдалиев Канатбек Шакирович Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш посёлогунда 1972-жылдын 26-июлунда төрөлгөн, жогорку билимдүү, 2003-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин окуп бүтүргөн.

Сейдалиев К.Ш. өзүнүн эмгек жолун 1989-жылы Миң-Куш посёлогундагы «Оргтехника» заводунда иштеп баштаган.

1990-1992 – жылдары Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

1992-жылдан 1995-жылга чейин «Оргтехника» заводунда, 1995-1998 – жылдары Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасында иштеген.

2003-жылдан 2008-жылга чейин Бишкек шаарындагы «Кыргызайылтехсервис» ААКда жетектөөчү юрист болуп эмгектенген.

2008-2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комитетинин бөлүмүнүн консультанты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп иштеген.

2010-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында эксперт кызматын аркалап, 2011-2012 – жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп эмгектенген.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы, 2014-жылы «Кыргызалтын» ААКда басма сөз катчы кызматтарында иштеген. 

2015-2017 – жылдары Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын жардамчысы, 2017-2023 – жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгынын эксперти, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын башкы адиси кызмат орундарында иштеп келген. 

2023-2024 – жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директорунун орун басары кызмат ордунда иштеген.

2024-жылдын июль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары. 

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.