|
| ||||
_______________№ _______
БУЙРУК
Сыйлыктар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
28-июлундагы №319 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жөнүндө жобонун 12-пунктун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2023-жылдын
7-февралындагы № 22 буйругу жокко чыгарылсын.
Төраганын орун басары К. Сейдалиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Мамлекеттик
тил жана тил саясаты боюнча
улуттук комиссиянын 2022-жылдын
«____» ________________________
№_____буйругуна
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
I. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын (мындан ары – Улуттук комиссия) ведомстволук сыйлыктарынын түрүн, алардын статусун, ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүүнүн жана сыйлоонун тартибин аныктайт.
2. Улуттук комиссиянын сыйлыктары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай мекеме, уюм, ишканалардын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет элдик жарандарды сыйлоонун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин өнүгүүсүнө жана тил саясатын ишке ашырууга кошкон олуттуу жеке салымын таануунун белгиси болуп эсептелет.
3. Улуттук комиссиянын ведомстволук сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын Алкышы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси.
II. СЫЙЛООНУН ШАРТТАРЫ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын Алкышы
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын Алкышы (мындан ары – Алкыш) мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жарандардын сиңирген эмгегин баалоонун белгиси болуп эсептелет.
5. Алкыш мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө жана тил саясатын ишке ашырууга байланышкан иш-чараларга активдүү катышкандыгы, кошкон жеке салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет-өлкөлүк жарандарга, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлерине жарыяланат.
Алкыш жарыялоо жөнүндө сунуштар Улуттук комиссиянын төрагасы тарабынан жеке каралат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы
6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы (мындан ары – Ардак грамота) менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын жүргүзүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлери жана чет өлкөлүк жарандар сыйланат.
7. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштар Улуттук комиссиянын Сыйлыктар боюнча комиссиясы тарабынан каралат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси
8. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси (мындан ары – Төш белги) менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көп жылдык эмгегин жумшаган, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жүргүзүүдө олуттуу демилгелерди ишке ашырган жана зор ийгиликтерди жараткан Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлери жана чет өлкөлүк жарандар сыйланат.
9. Төш белгиге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Төш белги көкүрөктүн сол тарабына тагылат.
10. Төш белги менен сыйлоо жөнүндө сунуштар Сыйлыктар боюнча комиссия тарабынан каралат.
III. СЫЙЛЫККА КӨРСӨТҮҮНҮН ТАРТИБИ
11. Ардак грамота, Төш белги менен сыйлоо жөнүндө сунуш Улуттук комиссияга келип түшкөн сыйлыкка көрсөтүү боюнча сунуштамалардын негизинде Сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынында каралып, Улуттук комиссиянын төрагасынын кароосуна киргизилет.
12. Жарандарды сыйлоо боюнча сунуштама каты менен кошо милдеттүү берилүүчү документтер:
– жарандарды сыйлыкка көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн жамааттык чогулуштун, жыйындын протоколу же чечими (түп нускада);
– ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык үлгү боюнча сыйлоо барагы;
– паспортунун көчүрмөсү;
– таржымалы (резюме).
Көрсөтүлгөн документтер толугу менен тапшырылбаган учурда сунуштама кабыл алынбайт жана Сыйлыктар боюнча комиссия тарабынан каралбайт.
Сунуштамалар мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден, коомдук уюмдардан, бирикмелерден, фонддордон ж. б. юридикалык жактардан болууга тийиш.
13. Айрым учурларда мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө активдүү жана жигердүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн мекеме жана уюмдар Ардак грамота менен сыйланышы мүмкүн.
Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө активдүү жана жигердүү колдоо көрсөткөн юридикалык жактарга, мекемелерге жана уюмдарга сыйлык ыйгаруу Улуттук комиссия тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынында каралат жана сунуш Улуттук комиссиянын төрагасынын кароосуна киргизилет.
14. Төш белги менен сыйлануу үчүн мурда Ардак грамота сыйлыгына ээ болуу шарт жана Ардак грамота менен сыйланган күндөн тартып 3 жыл өтүүгө тийиш. Өзгөчө учурларда эң жигердүү салым кошкондуктары үчүн Сыйлыктар боюнча комиссиянын чыгарган корутундусунун негизинде айрым жарандар түздөн-түз Төш белги менен сыйлана алат.
15. Төш белги менен сыйлоого көрсөтүлүп жаткан сунуштама катта жарандын артыкчылыгы так жана кененирээк баяндалышы керек (критерийлерде белгиленгендей).
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Төш белги менен сыйлоого көрсөтүлгөндөр төмөнкү критерийлердин бирине туура келиши шарт:
– мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана жайылтууга багытталган окуу куралдарын, методдорун же программаларын иштеп чыгуу;
– тил үйрөнүү үчүн инновациялык инструменттерди же технологияларды түзүү (санарипттик продукттар: тиркемелер, платформалар ж.б.);
– мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана сактоо боюнча илимий эмгектерди, изилдөөлөрдү жарыялоо жана терминологиялык сөздүктөрдү иштеп чыгуу;
– мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык үзүрлүү эмгеги бар (мисалы: республикалык деңгээлдеги олимпиадаларда ийгиликке жетишкен окуучулардын мугалимдери ж.б.у.с.).
Төш белги алган жаранга ал экинчи жолу кайра берилбейт.
Төш белгинин сыпаттамасы 2-тиркемеде белгиленген.
16. Ардак грамота жана Төш белги менен сыйлоо жыл сайын эки жолу – 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө жана 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили күнүнө карата эки этапта жүргүзүлөт. Сыйлоо жөнүндө сунуштамалар биринчи этапта 10-февралга чейин жана экинчи этапта 10-сентябрга чейин кабыл алынат жана бул мөөнөттөн кечиккендер кийинкисинде каралат. Сыйлыктар боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде башка салтанаттуу даталарда сыйлыктар кошумча тапшырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын Алкышын жарыялоого чек коюлбайт.
IV. СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ
17. Алкыш жарыялоо, Ардак грамота жана Төш белги менен сыйлоо Улуттук комиссиянын төрагасынын буйругуна ылайык жүргүзүлөт.
18. Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу шартта сыйлануучунун жеке өзүнө тапшырылат.
Сыйлыктар Улуттук комиссиянын төрагасы же анын орун басары тарабынан тапшырылат, ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы менен борбордук аппараттын жооптуу кызматкерлери тарабынан тапшырылышы мүмкүн.
19. Улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйлангандар боюнча маалымат каттоого алынат. Анда сыйланган кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген жери, ээлеген кызматы, эмгек стажы, сыйлоонун негизи жана датасы көрсөтүлөт.
20. Улуттук комиссиянын сыйлыктарына ээ болгондор анын сактоосун камсыздашы керек. Эгерде, сыйлыкты жана ага караштуу документтерди жоготуп жиберсе, сыйлануучулардын сыйлыкка болгон укугу сакталат.
Төш белгилердин жана ардак грамоталардын дубликаттары берилбейт.
Улуттук комиссиянын сыйлыктарынын документтеринин көчүрмөсү сыйланган адамдын арызынын негизинде гана берилет.
21. Улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө маалымат бирдиктүү базага киргизилет.
V. СЫЙЛЫКТАР БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН ИШИ
22. Улуттук комиссиянын Сыйлыктар боюнча комиссиясы борбордук аппараттын, ведомстволук мекемелердин кызматкерлеринин ичинен түзүлөт. Сыйлыктар боюнча комиссиянын курамы 7 адамдан кем болбоого тийиш.
23. Сыйлыктар боюнча комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүндө ушул Жобону жетекчиликке алат.
24. Сыйлыктар боюнча комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
– сунуштарды карайт, баалоо жана мониторинг жүргүзөт жана Улуттук комиссиянын төрагасына сунуш киргизет;
– сыйлоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берет.
25. Сыйлыктар боюнча комиссия кошумча материалдарды жана документтерди суратып алууга жана таанышууга укуктуу.
26. Сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйыны зарылчылыгына жараша өткөрүлөт жана жыйынга бештен кем эмес мүчөсү катышкан учурда гана мыйзамдуу болуп эсептелет.
27. Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими анын курамынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынышы керек.
28. Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасынын жана катчысынын колдору коюлат.
29. Сыйлоо материалдары Сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынына чейин 10 күн мурда катчысы тарабынан топтолуп даярдалат.
________________
1-тиркеме
СЫЙЛОО БАРАГЫ
____________________________________________________________
(республикасы, облусу, району, шаары)
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты
________________________________________________________________________
Эгер мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башка болсо, алар көрсөтүлөт:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
2. Кызмат орду, иштеген, кызмат кылган жери (ишкананын, мекеменин, уюмдун, мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүмдөрүнүн ж.б. так аталышы көрсөтүлөт):
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
3. Жынысы_______________________________________________________________
4. Туулган күнү жана жери:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
5. Жарандыгы_____________________________________________________________
6. Улуту _________________________________________________________________
7. Билими:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
(кайсы окуу жайын, кайдан жана качан бүткөн)
8. Илимий даражасы, илимий наамы, атайын наамы:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
9. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары, сыйланган даталары:
1)_______________________________________________________________________
2)_______________________________________________________________________
3)_______________________________________________________________________
4)_______________________________________________________________________
10. Жалпы иш стажы _____________жыл
11. Тармактагы иш стажы _____________жыл
12. Бул жамааттагы иш стажы _______________жыл
13. Иш жүзүндө жашаган дареги:
_________________________________________________________________________
Катталган дареги:
_________________________________________________________________________
Байланыш телефону _______________________________________________________
14. Сыйлануучунун өзгөчө сиңирген эмгеги:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
15. _________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
(сыйлоо жөнүндө өтүнүч билдирилген мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы)
чогулушунда _____________________________________________________________
_________________________________________________________________________
(талапкердин аты-жөнү, кызмат орду)
_________________________________________________________________________
(сыйлыктын аталышы)
_________________________________________________________________________
менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
______________________________________________________________________________________
(чечим кабыл алынган күнү, чечимдин №)
Жетекчи ____________________________________________________ ___________________
(колу)
____________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
20___-жылдын «___»________________ М.О.
Эскертүү: сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт боюнча толтурулат.
______________
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук
комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисинин
сыпаттамасы
Төш белги толугу менен күмүштөн тегерек формада жасалган.
Төш белгинин алдыңкы бетинде Улуттук комиссиянын логотиби түшүрүлүп, өйдө жагында кыргыз алфавитинде “Кыргыз тили” деген жазуу жазылып, ылдый жагында байыркылыктын белгиси катары “Кыргыз тили” деген сөз рун жазуусу менен берилген.
Төш белгинин арткы бетинде аны кийимге тагуу үчүн төөнөгүч бар.
Металлдын пробасы......................Ag 925 (күмүш),
диаметри ........................................22 мм,
салмагы .......................................... 6+ – грамм.
______________