КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ (долбоор)

I. ФОНЕМА, ТАМГА ЖАНА АЛФАВИТ


1-§.1. Кыргыз тилинде 14 үндүү, 20 үнсүз фонема бар. Үндүүлөрдүн сегизи кыска: а, е, о, ө, у, ү, и, ы; алтоо созулма: аа, ее, оо, өө, уу, үү. Үнсүздөрдүн алтоо уйаң: й, л, м, н, ң, р; алтоо жумшак: б, в, г, д, ж, з; сегизи каткалаң: к, п, с, т, ф, х, ч, ш. 

2. Кыргыз тилинде 36 тамгадан турган кириллица алфавити колдонулат: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд, Ее, Ёё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Лл, Мм, Нн, ң, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя. Төл жана өздөштүрүлгөн сөздөрдү жазууда 28 тамга колдонулат: а, б, в, г, д, е, ж, з, и, й, к, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш, ы.

II. ФОНЕМАЛАРДЫН ЖАЗЫЛЫШЫ

2-§.Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ее, оо, өө, уу, үү: аары, бее, боор, буу, еен, еттүү, жаак, жаа, жеек, жеен, жоор, жөө, кереез, күү, күүгүм, мөөн, оор, өөн, саат, суу, тоо, туурдук, уук ж.б.

3-§. 1. Алфавиттеги э жана е тамгалары бир еле фонеманы билдиргендиктен, төл сөздөр Ее тамгасы менен гана жазылат. Сөз башында: егин, еки, елик, ер; сөз ортосунда жана сөз айагында: беде, бетеге, бет, желек, жер, кеңешме, кетмен, кереге, темир, тирек; ар түрдүү орундарда: егемен, елек, емгек, ене, ерте; созулма түрүндө: еер, еек, бее, жеек, жеен, кереез, меер ж.б.

2. Чет тилдерден кирип, бирок өздөштүрүлбөгөн сөздөрдө э тамгасынын сакталышына жол берилет: алоэ, аэродром, аэропорт, мэр, поэзия, статуэтка, сэр, Улан-Удэ, фаэтон, экватор, экзамен, экономика, экран, экскурсия, экспедиция, энергия, этноним ж.б.

4-§.Алфавиттеги Цц, Щщ, ъ, ь, Ээ, Ёё, Юю, Яя тамгалары чет тилдерден кирген сөздөрдү жазууда гана колдонулат. 

5-§. Б фонемасы еки үндүүнүн ортосунда тиш-еринчил, жумшак  (ооба  – оо[в']а, обон – о[в']он, убада – у[в']ада, үбөлүк – ү[в']өлүк) болуп айтылат, бирок б тамгасы менен гана жазылат: аба, абайла, добуш, кабатыр, кубаныч, ооба, обон, өбөлгө, сабоо, убада, убал, үбөлүк, чебер ж.б.

6-§. 1. Г, ж, к фонемаларынын айтылышында жанаша турган үндүүлөрдүн жоон, ичкелигине жараша бирде жоон, бирде ичке угулса да, бир фонема катары есептелип, бир гана г, ж, к тамгалары менен жазылат: жакшы, жемиш, жибек, жорго, жөргөм, жука, жүн, жылга, мажбур, муктаж ж.б.; ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гүл, жоогазын, жыргал; кагаз, кокту, кокустук, кекилик, кемеге, кийим, тегирмен, үгүт, дөңгөлөк ж.б.  

2. Сөз башында х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн хурма, хурсант, хуштар сыйактуу сөздөр кыргызча к аркылуу гана жазылат: курма, курсант, куштар.

7-§. Төл сөздөрдө р, л фонемалары сөз башына келбейт, ошондуктан сөздүн алдына ы же и тамгалары кошулуп жазылат: ыраазы, ыраак, ырайым, ырай, ырас, ырашкер, ыраматылык, ылайык, ылаачын, ыраң//ирең, илеген, ыраат//ирет ж.б. Ал еми рахат жана рахмат сөздөрүнүн алдына ы тамгасы кошулуп жазылганда, сөздүн ортосундагы х тамгасы к тамгасына өтүп жазылат: рахмат – ыракмат, рахат – ыракат.

8-§. Төл сөздөрдө ф, х тамгалары тууранды жана сырдык сөздөрдө колдонулат: Уф! Ох. Бөф. Бах чиркин! Күндүн ысыгын карачы.



III. СӨЗ МҮЧӨЛӨРҮНҮН ЖАЗЫЛЫШЫ

9-§. Айагы р фонемасы менен бүткөн сөзгө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган еки түрүнө тең жазууда жол берилет: айарла//айарда, баатырлык//баатырдык, бирлик//бирдик, гендерлик//гендердик, календарлык//календардык, карлуу//кардуу, мазарлуу//мазардуу, прокурорлук//прокурордук, тулпарлуу//тулпардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б.

10-§. Чакчыл -а (-й) мүчөсү уланган сөздөн кийин I жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыска (-м) жана толук (-мын) болуп айтылган еки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем – келемин, окуйм – окуймун, алам – аламын, барам – барамын ж.б. 

11-§. Жалпы өткөн чактын -ган мүчөсүнөн кийин I жактын жак мүчөсү келсе, толук (-ганмын) жана кыскартылып (-гам) айтылган еки түрүнө тең жазууда жол берилет: келгенмин – келгем, барганмын – баргам, окуганмын – окугам ж.б.

12-§.  I, II жактын жекелик жакчыл таандык мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык -ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган еки түрүнө тең жазууда жол берилет: агамдыкы//агамкы, баламдыкы//баламкы, иниңдики//иниңки, ежеңдики//ежеңки ж.б.

13-§. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: азыртан//азыртадан, байыртан//байыртадан, илгертен//илгертеден, емитен//емитеден ж.б.

14-§. -оочу//-уучу мүчөлөрү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп, бургулоочу, жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү ж.б. түрүндө жазылат.

15-§. 1. Адат өткөн чактын -чу//-чү мүчөсү уланган етиш сөздөр бакчу, жазчу, иштечү, тергечү, ширетчү түрүндө гана жазылат. 

2. -чук / -чүк, ычу, -учу, -үчү болуп жазылышына жол берилбейт: барчук емес, барчубуз; келчик емес, келчүбүз; жечик емес, жечүбүз; барычумун же барчум емес, барчумун; келүчүмүн же келчүм емес, келчүмүн болуп жазылат.

16-§. 1. Айагы к, п фонемалары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы бойунча жазылат: бак+ында=багында, емгек+ы=емгеги, китеп+ы=китеби, көк+ыш=көгүш, мектеп+ы=мектеби, сап+ы=сабы, тамак+ы=тамагы, топ+ым=тобум, ук+уу=угуу, чап+уу=чабуу, чөп+ың=чөбүң ж.б. 

2. Тууранды сөздөрдө к, п фонемалары жумшарбайттакылда, чакылда, бапылда, тапылда ж.б.

17-§. 1. Үндүү менен айактаган етиш сөзгө -ар//-ер мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүүнүн созулуп айтылышы бойунча жазууга жол берилет: башта+ар=баштаар, де+ар=деер, жаса+ар=жасаар, жуу+ар=жуур, иште+ар=иштеер, кара+ар=карааркарма+ар=кармаар, катта+ар=каттаар, кириште+ар=кириштеер, ойло+ар=ойлоор, оку+ар=окуур, сунушта+ар=сунуштаар, сүйлө+ар=сүйлөөр, толукта+ар=толуктаар, түздө+ар=түздөөр, укта+ар=уктаар, ылайыкта+ар=ылайыктаар ж.б. 

2. Үнсүз менен айактаган етиш сөзгө -ар//-ер мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуп айтылса да, жазууда жол берилбейт: аракет кыл+ар=аракет кылар, байланыш+ар=байланышар, бар+ар=барар, жакшырт+ар=жакшыртар, жооп бер+ар=жооп берер, жүр+ар=жүрөр, жылдыр+ар=жылдырар, кел+ар=келер, кол койул+ар=кол койулар, көрсөт+ар=көрсөтөр, өзгөрт+ар=өзгөртөр, өркүндөт+ар=өркүндөтөр, сат+ар=сатар ж.б.

18-§. Айагы м, п фонемалары менен бүткөн етиш сөздөргө чакчыл 
 
-ып мүчөсү жалганганда, еки түрүңдө тең жазылышына жол берилет: ем+ып=емип//еемп, сеп+ып=себип//сееп, өп+ып=өбүп//өөп, чап+ып=чабып//чаапж.б.



IV. ЖӨНӨКӨЙ СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ

1. Уңгу сөздөрдүн жазылышы

19-§. 1. Айрым фонемалары орун алмашып, еки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн еки түрүнө тең жазууда жол берилет: айры //айыр, бакты//бакыт, буйруса//буйурса, бүйрүмө//бүйүрмө, кайры//кайыр, убакты//убакыт, күмөн//күнөм ж.б. 

2. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече фонемасынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй айтылган еки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга//алдыга, атайы//атайын, береке//берекет, бүкүл//бүкүлү, дайым//дайыма, кайрак//кайракы, кең//кеңири, нак//накта, мунар//мунара, силк//силки, тара//тарка, теңир//теңири, чуму//чумку ж.б.

3. Сөз башында н фонемасы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, нойубас, ным, нике ж.б. Ал еми нечен-ечен, небак-ебак болуп айтылган сөздөрдүн еки түрүнө тең жазууда жол берилет (Бул өңдүү сөздөрдүн жазылышы орфографиялык сөздүктө берилет).

20-§. Сөздүн башкы муунуна п тамгасы кошулуп, кайталанып айтылса, күчөтмө маани жаралат да, бирге жазылат: аппак, бепбекер, боппоз, жапжалгыз, жепжеңил, жыпжылуу, капкайдан, капкара, капкачан, күпкүндүз, көпкөк, мупмуздак, опоңой, чопчоң, ыпысык. Ошондой еле тепедентең, тепетең, тапатак, чапачак сыйактуу сөздөр да бирге жазылат.

2. Мүчө уланганда уңгунун жазылышы

21-§. Уйаң үнсүз менен бүткөн зат атооч сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да айтылышына жазууда жол берилет: айылы – айлы, дайыны – дайны, ериниң – ердиң, ийиниң – ийниң, кайыны – кайны, карыным – кардым, мурунуң – мурдуң, ойуну – ойну ж.б.

22-§. Айагы н фонемасы менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м менен башталган мүчө жалганса, уңгудагы н тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: күңгө емес, күнгө; түңкү емес, түнкү; түмбү емес, түнбү ж.б.

23-§. Айагы з фонемасы менен бүткөн сөзгө с, ч менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: асчылык емес, азчылык; жасса емес, жазса; касса емес, казса; сөссүз емес, сөзсүз ж.б.

24-§. Айагы ч фонемасы менен бүткөн сөзгө с, ч, т менен башталган мүчө уланса же сөз кошулса, ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: кашты емес, качты; коркунуштуу емес, коркунучтуу; кылышчан емес, кылыччан; ууш толтура емес, ууч толтура; уушта емес, уучта; ушсуз емес, учсуз; чашса емес, чачса; чаш тараш емес, чач тарач; чаш тарашчы емес, чач тараччы ж.б.

V. ТАТААЛ СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ

1. Кош сөздөрдүн жазылышы

25-§. Кош сөздөрдүн ортосуна дефис белгиси койулуп жазылат: сак-саламат, аман-есен, күч-кубат, жүрүм-турум, каада-салт, иш-милдет, кыймыл-аракет; жаш-кары, улуу-кичүү; бетме-бет, бара-бара, түздөн-түз, көп-көптөн; албан-албан, улам-улам; бала-бакыра, жорук-жосун, шам-шум, үрөң-бараң, чай-пай, ыпыр-сыпыр; тарс-турс, жылт-жулт, калдыр-кулдур ж.б. 

2. Бириккен сөздөрдүн жазылышы

26-§. 1. Курамында бир же еки түгөйүнүн лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, айрымдарынын тыбыштык түрү өзгөргөн сөздөр бирге жазылат: алмончок, арабөк, ашкабак, балжууран, басмайыл, башбак, бешилик, жайбаракат, карагат, карамүртөз, кадыресе, кечкурун, кожогат, көбүнесе, коңкарга, корбашы, оозеки, ортозаар, саресеп, үчилтик, чалагайым, чаламоңол, асыресе, ачкүсөн, тиригарак, жексур; агайын, антип, байке, бирдемебыйыл, былтыр, бүгүн, бүрсүгүнү, ечтеке, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, кайер, кайната, кайнене, кулач, минтип, ошентип, өйүз, тага, тайене, тайаке, тайеже, тайата, улутун, унчук, ушинтип ж.б.

2. Сөздүн курамындагы сөздөр баштапкы лексикалык маанисинен алыстап, жаңы мааниге ее болгон, уланды мүчөсү жок уйушулган сөздөр жана татаал терминдер бириктирилип жазылат: айбалта, айрыкуйрук, алпкаракуш, аткулак, аттиш, ашказан, бакажалбырак, бешбармак (тамак), денсоолук, дилбайан, жөлөкпул, колбашчы, козукарын, колжазма, кошооз, көзайнек, көзкараш, санарип, ташбака, төрага ж.б.

3. Кошмок сөздөрдүн жазылышы

27-§.1.Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн уланды мүчөсү жок уйушулган кошмок сөздөр бириктирилбей айрым-айрым жазылат: ак нийет, ак көңүл, басма сөз, үч ем, чек ара, чоң ата, чоң ене ж.б.

2. Уланды мүчөсү бар кошмок сөздөр бөлөк-бөлөк жазылат: айыл чарбасы, мал чарбасы, кыргыз тили, тил илими, дене тарбиясы, он башы, түмөн башы, мекен таануу, чыгыш таануу, коом таануу, Айтматов таануу, Манас таануу, бөлүм башчы, өнөр жайы//өнөр жай, окуу жайы//окуу жай ж.б.

3. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: ак ала, көк ала, сары ала, кара күрөң, кара көк, мала кызыл, кызыл чийкил, ак саргыл, кара тору, кер кашка; бир кезде, ар күнү, ертең менен ерте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир пастаж.б.

28-§.Тууранды, сырдык сөздөр жана кызматчы сөздөр менен тизмектешип айтылганда, бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, бар еле, сен го, ең сонун, бах чиркин, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, мага чейин, тоого дейре, ар качан, ар ким, ар нерсе, еч бир, еч качан, еч жерде, еч нерсе, кимдир бирөө ж.б.

29-§.Татаал етиштердин ар бир түгөйү айрым-айрым жазылат: уктап ал, сүйлөп жатты, айттырып ий, кете бер, алып бар, алып бер, алып кел ж.б.

Ескертүү: «келе жатат», «бара жатат»  деген этиштердин «баратат», «келатат» болуп кыскартылып жазылышына да жол берилет.

30-§.Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк-бөлөк жазылат: ак жолтой, ак кол, ак көрпө жайыл, ач көз, жез таңдай, жүрөгүндө оту бар, кабагым-кашым дебеген, камырдан кыл сууругандай, кара кылды как жарган, тилинен бал тамган, ыргыткан ташы өргө кулоо ж.б. 

4. Кыскартылган сөздөрдүн жазылышы

31-§. 1. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: УИА (Улуттук илимдер академиясы), ТИМ (Тышкы иштер министрлиги), БШК (Борбордук шайлоо комиссиясы), ЖӨБ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу), ЖЧК (жоопкерчилиги чектелген коом), ҮДТ (Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) ж.б. 

2. Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө улаганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КРдин, КТРдин, КУУнун, МАИнин, УАКтын, ЖЧКнын, ААКка ж.б.

3. Президент, Жогорку Кеңеш жана мамлекеттик органдардын аталышында Кыргыз Республикасы кыскартылып жазылганда, мүчө уланбайт: КР Президенти, КР ЖК, КР Агартуу министрлиги, КР ӨКМ, КР УИА ж.б. 

4. Биринчи муундарынан кыскартылган мекемелердин аталыштарынын биринчи тамгасы баш тамга, калганы кичине тамга менен бириктирилип жазылат: Минкаб, Юстмин, Мамкаттоо, Финкөзөмөл, Экотехинспекция, Соцфонд, Статком, Экономмин, Боршайком ж.б.

5.Биринчи муундарынан кыскартылган жалпы аталыштагы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып, бирге жазылат: райборбор, соцэконом, турфирма, физприбор, химфак ж.б.

VI. БАШ ТАМГА ЖАНА ЕНЧИЛҮҮ АТТАРДЫН ЖАЗЫЛЫШЫ 

1. Баш тамгалардын жазылышы

32-§. 1. Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат: Емгек – бакыт. Биз – елибиздин маданий байлыгына мурасчыбыз. 

2. Ырдын ар бир сабы баш тамга менен башталып жазылат:

Айт, айт десе ааламды айт,

Аалам алга кадамдайт.

3. Сүйлөмдүн же созулма үндүү менен башталган енчилүү аттын биринчи тамгасы баш тамга, калганы кичине тамга менен жазылат: Ееси келсе, беесин бер. Уултай.

4. Ата Журт, Ата Мекен сөздөрүнүн ыйыктыгын белгилөө максатында, булардын курамындагы ар бир сөз баш тамгалар менен жазылат: Ата Журтту көздүн карегиндей сактайлы. Ата Мекен ыйык. Бул сөздөргө -лык мүчөсү уланганда да баш тамгалар менен жазылат: Бул унаа Ата Мекендик өндүрүштөн чыкты. 

2. Енчилүү аттардын жазылышы

33-§. 1. Адамдын ысмы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, ылакап аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Айан, Кыйал, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс, Чолпон, Тынай, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б.

2. Еки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Есенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Елтегин, Сонунбала, Мамбеткалый, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Елмира ж.б.

3. Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нийаз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыйактуу ылакап аттардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

4. Адамдын ата ысмы уулу, кызы деген сөздөр менен белгиленип, айрым-айрым жазылат: Сабыр уулу, Аалы кызы, Айжан Үсөн кызы, Акыл Жайнак уулу ж.б.

5. Фамилия (бүлө аты) тегин деген сөз менен бириктилип жазылат: Бакыттегин Акыл Жайнак уулу, Есентегин Айгүл Үсөн кызы ж.б.

6. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек, Акыл Жайнак, Азат Алтын сыйактуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын аты жазылат.

7. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын айагына ь белгиси жазылбайт: Асель, Емиль, Назгульемес, Асел, Емил, Назгүл ж.б.

8.Адамдын коомдогу даражасы же кызматын көрсөткөн бий, бек, датка, хан сыйактуу сөздөр атынан кийин бөлөк жана кичине тамга менен жазылат: Тагай бий, Ормон хан, Байтик баатыр, Курманжан датка, Шабдан баатыр ж.б. 

34-§. Адам аттарына -лык, -чы, чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: манасчы, айтматовчу, марксизм, лениндик, гегелчил ж.б.

35-§. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн фамилияларысымдар айтылышы бойунча жазылат: Бетховен, Жан Жак Руссо, Жеймс Бонд, Жек Лондон, Жорж Сорос, Иоган Себастян Бах, Леонардо да Винчи, Моцарт, Салтыков-Щедрин ж.б.

36-§. Мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал енчилүү аттардын биринчиси баш тамга, екинчиси кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Адам ата, Умай ене, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата, Зеңги баба, Көкө теңир ж.б.

37-§. Урук, уруу, ел аттары кичине тамга менен башталып (солто, сайак, кытай, орус, хакас), татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: адыгине, акбилек, бешкүрөң, боркемик, елчибай, карабагыш, каракытай, сарбагыш, чакчабай, отузуулж.б.

Ескертүү: бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү катар жазууга жол берилбегендиктен, «куу уул» етноними айрым жазылат.

38-§. Астрономиялык енчилүү аттардын биринчи сөзү баш тамга, калганы кичине тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Алтын казык, Жетиген, Жети каракчы, Марс, Нептун, Саманчынын жолу, Суу пери, Үркөр, Тараза жылдызы, Чоң жетиген, Чолпон ж.б. Ал еми жалпы ат катары келгенде, кичине тамга менен жазылат: Бүгүн күн ысыды. Бир ай болду.

39-§. Айбанат, куштардын енчилүү аттары (зоонимдербаш тамга менен башталып, түгөйлөрү бириктирилип жазылат: Акбара, Аккула, Акшумкар, Бөрүбасар, Гүлсарат, Жаабарс, Каранар, Сарала, Суречки, Тайбуурул, Ташчайнар, Чалкуйрук ж.б.

40-§. 1. Географиялык жөнөкөй енчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Нарын, Гүлчө, Жазы ж.б.

2. Лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн турган татаал географиялык аттардын арасына дефис белгиси койулуп, баш тамгалар менен жазылат: Ала-Арча, Ала-Тоо, Ак-Сай, Базар-Коргон, Жети-Өгүз, Кара-Үңкүр, Кичи-Кум-Бел, Кум-Төр,Кырк-Казык, Он-Бир-Жылга, Он-Еки-Бел, Теке-Секирик, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Чоң-Сары-Ой, Шамалды-Сай, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Соң-Көл, Кара-Көл, Кара-Балта ж.б.

3Географиялык татаал енчилүү аттардын ичинде «кол» сөзү «суу», «арт» сөзү «ашуу» маанилеринен алыстап кеткендиктен, бирге жазылат: Чаткал, Кеңкол, Каракол, Улакол, Лахол, Байанкол, Шанкол, Шамшыкал; Торугарт, Балгарт, Кызарт, Жаңгарт, Агачарт ж.б. 

4. Егерде географиялык татаал енчилүү аттардын баары же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ее болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Аламүдүн, Алайкуу, Алатулун, Алашан, Баткен, Басбөлтөк, Барскоон, Бекабад, Бешкент, Боркут, Боспийек, Жалалабад, Канигут, Каракужур, Кемпирабад, Кожойар, Көкөмерен, Кожошкен, Коросон, Көйкап, Куршаб, Кызылабад, Мадыген, Маркай, Мискен, Мыргылжек, Мырзаке, Ноогардан, Ноокен, Ноошкен, Окторкой, Раватсай, Ташрабат, Разансай, Суусамыр, Торкент, Төлөйкөн, Төрткүл, Түркабад, Чалдыбар, Чегеден, Чекабад ж.б. 

5. Дүйнөлүк стандартка ылайык Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка, Түндүк Корея ж.б. сыйактуу географиялык аталыштардын ар бир сөзү баш тамгалар менен айрым-айрым жазылат.

6. Чет тилдерден кирген айрым жер-суу аттары түп айтылышы бойунча жазылат: Алматы, Бейжин//Беежин, Гуанжоу, Жакарта, Женева, Кембриж, Кожент, Мүнхен, Өскемен, Ростов-на-Дону, Рио де Жанейро, Ясная Поляна ж.б.

7. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылышына жол берилет: Анжыйан, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самаркан, Ташкен, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жерге-Тал, Кызыл-Жар, Омбу ж.б.

8. Географиялык енчилүү аттарга ошол жердик екендигин туйунтуучу -лык мүчөсү уланып айтылганда да, ал сөз баш тамга менен жазылат: Алай // Алайлык, Бишкек // Бишкектик, Кашкар // Кашкарлык, Көл-Төр // Көл-Төрлүк, Кыргызстан // Кыргызстандык, Нарын//Нарындык, Чоң-Сары-Ой // Чоң-Сары-Ойлук, Ысык-Көл//Ысык-Көлдүк  ж.б.

41-§.Арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыйа, канал, булуң, айыл, көчө, бульвар, айант ж.б.у.с. сөздөр географиялык енчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Алай тоо кыркасы, Ак деңиз, Арал деңизи, Балкаш көлү, Жазы дарыйасы, Кара деңиз, Мармара деңизи, Суусамыр өрөөнү, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Чоң-Сары-Ой айылы, Ала-Тоо айанты, Еркиндик гүлбагы, Турусбеков көчөсү, Ынтымак паркы ж.б. 

42-§. Географиялык енчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турса, арасына сызыкча койулуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош – Еркеч-Там – Кашкар жолу, Бейжин – Үрүмчү – Алматы – Бишкек – Ташкен темир жол каттамы, Бишкек – Москва – Бишкек каттамындагы учак.

43-§. 1.Мамлекеттин аталышынын ар бир сөзү баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Бириккен Араб Емираттары, Кытай Ел Республикасы, Бельгия Королдугу, Америка Кошмо Штаттары, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Монако Княздыгы, Бахрейн Мамлекети, Оман Султандыгы, Сейшель Аралдары Республикасы, Мьянма Бирлиги Республикасы ж.б.

2. Мамлекеттик жогорку органдардын аталыштарынын ар бир сөзү баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

3. Атайын мамлекеттик органдардын биринчи сөзү баш тамга менен, калгандары кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү, Генералдык штаб, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ж.б.

4. а) расмий ел аралык, дүйнөлүк уйум, шериктештик, биримдик, банктардын аталыштарынын ар бир сөзү баш тамга менен жазылат: Бириккен Улуттар Уйуму, Дүйнөлүк Банк, Шанхай Кызматташтык Уйуму, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уйуму ж.б. 

б) расмий ел аралык (тармактык) уйумдардын курамындагы программа, фонд сыйактуу түзүмдүк бөлүмдөрү жана агенттиктер, коомдор, ассамблея ж.б. аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга, калгандары кичине тамга менен жазылат: Бириккен Улуттар Уйумунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы, Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уйуму, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уйуму, Евразия экономикалык бирлиги ж.б.

5. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын, ведомстволордун жана мамлекеттик емес мекеме, ишкана, коом, фонд, уйум, башкармалыктардын аталыштарынын биринчи сѳзү баш тамга менен, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Агартуу министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд, Туризм агенттиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Мамлекеттик каттоо кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы, Улуттук баскетбол ассоциациясы, Соода-өнөр жай палатасы ж.б. 

6. Мамлекеттик органдардын, мекемелердин, жогорку окуу жайлардын жана анын курамында башкармалык, департамент, институт, жогорку мектеп, факультет, бирлик сыйактуу түзүмдөрүнүн аталышынын биринчи сөзү баш тамга менен, ал еми кафедра, борбор, бөлүм, сектор сыйактуу ички түзүмдөр кичине тамга менен жазылат: КР Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданийат институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун түркология бөлүмү ж.б.

44-§. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен, орден, медаль деген сөздөр кичине тамга менен айрым жазылат:
 I даражадагы «Манас» ордени, «Баатыр ене» ордени, «Ердик» ордени, «Даңк» ордени, «Ене даңкы» медалы, «Ардак» медалы, «Кыргыз тили» төш белгиси ж.б.

45-§. 1. Тарыхый окуйалардын аталышынын биринчи сөзү баш тамга менен, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Улуу Ата Мекендик согуш, Екинчи дүйнөлүк согуш, Версаль тынчтык келишими, Ооган согушу ж.б.

2. Майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Жаңы жыл майрамы, Басма сѳз күнү, Нооруз майрамы, Орозо айт, Айалдардын ел аралык майрамы, Жеңиш күнү, Емгекчилердин ел аралык майрамы ж.б.

Ескертүү: майрамдын аты сан менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 9-Май, 8-Март ж.б.

46-§. 1.Ардактуу жана атайын наамдардын, илимий даражалардын, чиндердин ж.б. аталыштары енчилүү аттар менен кошо айтылганда да, кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Ички иштер министрлигинин генерал-майору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын ел жазуучусу, Кыргыз Республикасынын жаратманы, Кыргыз Республикасынын сыймыгы,  мамлекеттик жана жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын емгек сиңирген мугалими; филология илимдеринин доктору,  педагогика илимдеринин кандидаты, ага лейтенант, башкы редактор, иш жүргүзүүчү, ойлоп табуучу, жетектөөчү адис, ага окутуучу ж.б.

2. Мыйзам менен белгиленген ең жогорку кызмат орундарынын жана ең жогорку артыкчылык даражаларынын расмий аталыштарынын ар бир сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Емгек Баатыры.

3.Министр, президент, тѳрага, директор, ректор, орун басар, катчы ж.б. кызмат орундарынын аталыштары енчилүү аттар менен кошо айтылганда кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын юстиция министри, КР агартуу министри, «Кумтөр Голд Компания» ЖЧКнын президенти, Өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин башкы адиси, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси, КР Президентинин Администрациясынын котормо секторунун эксперти, Мамлекеттик салык кызматынын инспектору ж.б.

47-§. 1. Завод-фабрика, фирма, компания, ачык жана жабык акционердик  коомдордун ж.б. ишканалардын аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Кумтөр» тоо-кен ишканасы, «Жунда» заводу, «Терек-Таш» цемент заводу, «Алтын тулпар» машина куруу заводу, «Текстиль транс» фабрикасы, «Кыргыз продукт» соода-логистикалык борбору, «Ак куш» канаттуулар фабрикасы, «Кыйал» бирикмеси, «Макмал» алтын кен комбинаты, «Айыл банк» ААК, «Дан» мамлекеттик ишканасы (ММ),  «Альфа Телеком»  жабык акционердик коому, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому ж.б.

2. Соода түйүндөрү, дүкөн, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уйум, театрлардын аттары баш тамга менен тырмакчага алынып жазылат: «Байсуу» кафеси, «Айчүрөк» соода борбору, «Айсулуу» сулуулук салону, «Достук» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Спартак» стадиону, «Ала-Тоо» кинотеатры ж.б.

48-§. 1. Адабийат, сүрөт, музыка, кино, театр ж.б. ѳнѳр чыгармаларынын аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Манас» эпосу, «Каныбек» романы, «Узак жол» повести, «Сынган бугу» күүсү, «Айчүрөк» либреттосу, «С. Каралаевдин портрети» картинасы, «Советтик Кыргызстандын кызы» сүрөтү, «Курманжан датка» киносу, «Жаныш – Байыш», «Саринжи – Бѳкѳй» эпостору, «Козу кѳрпѳш – Байан сулуу» чыгармасы ж.б.

2. а) Окуу китептеринин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Алгебра», «Биология», «Геометрия», «Кыргыз тили», «Кыргыз адабийаты», «Матанализ» окуу китеби ж.б.

б) Сабактардын аталышы тырмакчага алынбай, кичине тамга менен жазылат: алгебра, математика сабагы ж.б.  

3.Басмакана, гезит-журнал, телеберүү, радио уктуруу, социалдык желе ж.б. массалык-маалымат жана басма сөз каражаттарынын аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Кыргыз туусу» гезити, «Жетиген» журналы, «ОшМУ жарчысы» журналы, «Учкун» басмаканасы, «Турар» басмаканасы, «Акипресс» маалыматтык борбору, «Азаттык» үналгысы, «Би-Би-Си» кыргыз кызматы, «Пирамида» телеканалы, «Биринчи радио» радиосу, «Марал FM» радиосу, «Замана» студиясы, «Ой ордо» берүүсү  ж.б.

VII. ЧЕТ ТИЛДЕРДЕН КИРГЕН СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ

49-§. 1. Чет тилдерден кирген сөздөр кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык айтылышы бойунча жазылышына жол берилет: бардеңке, бекет, белет, борум, гезит, деректир, жаркөп, жашик, ирет, кемсел, керебет, көзүр, көпөс, машине // машына, меш, момпосуй, мүнөт,  мүштөк, мүнөт, мискей, номур, облус // обулус, панар, ранга, самоор, саржан, сот, сутка, семент, тамеки, танка, үстөл, чиркөө, чыт, шапке, шопур, шотка ж.б.

2.Чет тилдерден кирген айрым сөздөр, негизинен, мурдатан калыптанган салттуу принцип бойунча жазылышына жол берилет: аффикс, арбитраж, банк, бокс, герб, жюри, июль, конференция, объект, революция, сентябрь, субъект ж.б.

Ескертүү: Сөздүн айагындагы ичкертүү белгиси мүчө уланганда түшүп жазылат: 2025-жылдын 1-сентябры, июлдун ону, 1-модулду, «Камбаркан» ансамбли ж.б.

50-§. Чет тилдерден өздөштүрүлүп, айагы жумшак үнсүз б, в, г, д, ж фонемалары менен бүткөн жер-суу аттарына жана сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: Воронешке емес, Воронежге; Гамбуркка емес, Гамбургга; Калинингратта емес, Калининградда; Мадриттен емес, Мадридден; аналоктуу емес, аналогдуу; анестезиолокту емес, анестезиологду; диалектолоктон емес, диалектологдон; педагокту емес, педагогду; фонттун емес фонддун ж.б.

51-§. Адамдын фамилиясы -ов, -ев болуп бүткөндө ага уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: Алиевтин емес, Алиевдин; Асанбаевке емес, Асанбаевге; Жапаровко емес, Жапаровго; Бакасовту емес, БакасовдуЖусаевте емес, Жусаевде; Исаевтен емес, Исаевден; Тыныстановтон емес, Тыныстановдон ж.б.

52-§. 1. Чет тилдерден кирген сөздөргө мүчө уланганда, сөздүн айагындагы йоттошкон тамгалар сакталып жазылат: пенсия+да=пенсияда, биология+да=биологияда, география+лык=географиялык, редакция+лык=редакциялык ж.б. 

2. Айагы -пп, -тт, -сс, -мм кош үнсүздөрү менен айактаган сөздөргө ушул өңдүү үнсүздөр менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: киловатт+да=киловатта, киловат+дан=киловаттан, класс+сыз=классыз, прогрес+сыз=прогрессиз, компакт+луу=компакттуу ж.б.

53-§. Чет тилдерден кирген на-, бей-, анти-, контр-, ди-, де- сыйактуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: антивирусантидемпинг, антикоррупция, антисептик, антитело, антициклон; бейадеп, бейжай, бейдарек, бейкам, бейкапар, бейкут, бейкүнөө, беймаал, беймаза, бейтааныш, бейтап, бейтарап, бейпай, бейпил, бейубак, бейчеки, бейформал; контрабанда, контрагент, контрреволюция, контрчабуул; диалог, диалект, дисахарид; нааразы, натуура; деформация ж.б. 


VIII. ТАШЫМАЛ

54-§. Сөздөр бир саптан екинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби бойунча ташылат: ки-теп, бо-йок, то-йут, айтылган-дар, келген-дер, ай-тылгандар. Созулма үндүүлөр бири-биринен ажыратылып ташылбайт; то-олордо емес, тоо-лордо; бекинү-үчү емес, бекинүү-чү, за-аркану-учу емес, заар-кануу-чу ж.б.

Ескертүү: I. Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, ар, ел, тан, таан, суук, тоо, еер, тарс, акт.

II.Бир фонемадан турган муун ташымалданбайт: ага, ата, атак, аалам, аары, араа, ене, ешик, ееле, елек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, унаа, ишен, имер ж.б. 

55-§. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыш менен бирге ташылат: баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд ж.б.

56-§. Үндүү фонемалардын арасына келген окшош еки үнсүз тыбыш бири-биринен ажыратылып ташылат: та-ккан емес, так-кан; кана-ттуу емес, канат-туу; ча-ппа емес чап-па; ка-сса емес, кас-са ж.б. 

57-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыйактуу сөздөр ташымалданбайт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан екинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас.

58-§. 1. Кишилердин кыскартылган ысмы жана атасынын аты фамилиядан ажыратылып ташылбайт: Т.М. Мамбетжунушовдун, Б.Т. Рысалиевдин. Кыскартылган бөлүгүн (Т.М. жана Б.Т.) ажыратып, кийинки сапка ташууга болбойт жана ал дайыма фамилиянын алдына келет.

2. Кишилердин аты-жөнү толук жазылганда, бир саптан екинчи сапка ташууга болот: Ток-то-бо-лот Мураталиевич Мамбетжуну-шовдун, Болот - Рысалиев.

3. Илимий даражалар жана илимий наамдар кичине тамгалар менен арасына чекит койулуп кыскартылат жана кыскартылган сөз өз-өзүнчө ташылбайт: ф.и.д. // филол. илим. докт., ф.и.к. // филос. илим. канд., акад., проф., доц., улук илим. кызм.

59-§. 1. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыйактуу чен бирдиктерди туйунткан кыскартылган сөздөр цифрадан бир аз бөлүнүп жазылса да, өзүнчө ташылбайт. Алар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат, чен бирдиктин айагына чекит койулбайт: 10 км, 20 дм, 75 см; 10 г, 100 ц, 125 кг, 10 т. 

2. Пайыз (%), параграф (§) сыйактуу белгилерге мүчө уланганда, айтылышына карай уланып, белги менен мүчөнүн ортосуна боштук койулбай, сан менен бирге жазылат, белгилер өзүнчө бөлүнүп ташылбайт: 20 %га (20 пайызга), 3-§тан (үчүнчү параграфтан) ж.б.

3. Аймактык жана административдик бирдиктердин аталыштарынын графикалык кыскартуулары өзүнөн мурунку сөз менен бирге ташылат: Бишкек ш., Октябрь рай., Асанбай кичир-ну, Сеченов көч., үй № 3; Ош обл. ж.б.

4. Млн, млрд, трлн алдындагы сандар менен бирге ташылат, айагына чекит койулбайт.


IX. ДЕФИС МЕНЕН ЖАЗУУ ЕРЕЖЕЛЕРИ

60-§. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис койулат: Пай-пай-пай! Емгек сүйгөн кишилер алп екен го! (Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. (Турусбеков). Кобур-собур еткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс добуштар Жапарга угулуп турду (Байалинов).

61-§. 1. Егер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис
 -ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин сөзсүз койулат: 2008-жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, 2-А класс, жыйналыштын 2-маселеси ж.б.

2. Рим цифрасынан кийин дефис койулбай жазылат: XX кылымдагы кыргыз адабийатынын тарыхы. Кыргыздардын XVI-XVII кылымдардагы экономикалык жана сайасий абалы. Окуу жылынын III чейреги.

3. Иреттик сан атоочтордун ордуна номер (№) белгиси койулса, андан кийин дефис белгиси койулбайт, анткени номер (№) белгисинин өзү иреттик маанини билдирет: № 69 орто мектеп, № 1 китепкана, № 47 станция ж.б.

62-§. 1. Чамалама сандардын арасына дефис койулуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-ечки, 5-6 киши, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында.

2. Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис койулат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, «Восток-1» Мерседес-600, Ауди-100, «Союз-9» космос кемеси, Пентиум-4 компьютери, MP4-плеер, ASCII-файлдар, SD-карта; VIP-кардар, VIP-деңгеел, IT-адистер, PR-менеджер ж.б.

63-§. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө-корреспондент, зоотехник-селекционер, механизатор-айдоочу, акын-драматург, врач-терапевт, премьер-министр, генерал-лейтенант, экс-чемпион, статс-катчы, илим-изилдөө, маданий-экономикалык, илимий-практикалык ж.б.

Ескертүү: төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис койулбай жазылат: медицина кызматынын капитаны.

64-§. 1.Пресс-бюро, пресс-конференция, киловатт-саат, тонна-километр, корабль-спутник, интернет-сайт, интернет-клуб, акча-кредиттик жана салык-бюджеттик сайасат сыйактуу еки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат.

2. Фото, медиа, видео сыйактуу сөздөр менен жасалган татаал сөздөр ортосуна дефис койулбай, бирге жазылат: фотосалон, видеофайл, медиакарта ж.б. 


Архив