КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору мамлекеттик кызматкерлерди окутууну баштады

Бүгүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору КР Мамлекеттик кадр кызматы менен бирге Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилин Кыргызтесттин деңгээлдерине ылайык окутуу курстарын баштады. 1-агымда КР Жогорку Кеңеши, КР Экономика жана финансы министрлиги жана анын курамындагы Бажы кызматы, Салык кызматы, Монополияга каршы агенттиги ж.б. мекемелердин кызматкерлери окутулуп жатат.  

Archive