Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик административдик бош кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Тил саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнө:

-  Башкы адис – 1 бирдик

Административдик мамлекеттик жана муниципалдык улук кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз   

            Республикасынын Мыйзамын; 

  1. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 
  4. 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;


Башкы адиске коюлуучу талаптар:

-   гуманитардык илим багытындагы  юридикалык жогорку билим.

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөндөгү жарлыктарын:

  • КР Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”;
  • КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  жөнүндө Жобо жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдорун:


  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510  “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы  № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 5-мартындагы №114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын; 
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591- VI “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу”.


Билгичтиги:

-  иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- бөлүмдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды сунуштоо;

-   башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн  жоопкерчилик тартуу;

  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз    убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;
  • алдыга койгон милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, аймактык өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарылчылыкка жараша) билүүсү.


 Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу 

  • даярдоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

- Арыз;

-  Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);

- Өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалымат);

- Дипломдун жана эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү (нотариус же кадрлар 

   тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

-  Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);

-  Паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2021-жылдын  8-сентябры, саат 17.00 чейин кабыл алынат.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Бөкөнбаев көчөсү 182

Байланыш телефондор: 31-58-15, 31-58-40;

Конкурс “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” гезитине, толук маалымат менен www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.

Archive