Ички иштер министрлигинин Академиясында мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 11-октябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жанаТерминологиялык комиссиянын мүчөлөрү ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын жетекчилиги, кызматкерлери ошондой эле курсанттары менен жолугушту.

Жолугушуу мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналып, Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү Академиянын музейи менен жеринде таанышып, “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүн” тууралуу кенен маалымат беришти.

Мындан сырткары Академиянын  жаш таланттары тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган ыр жана бийлер тартууланып, Академиянын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик тилди жайылтууга салым кошкон өкүлдөргө Ыраазычылык каттарын тапшырылды.

Архив