Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси” аттуу илимий конференция өтүүдө

Бүгүн 16-октябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси” аттуу илимий конференция өтүүдө.

Конференцияга Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана университеттин профессордук-окутуучулук курамы, окутуучулар катышууда.

Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

“Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси” аттуу илимий конференциянын баяндамачылары:

1. Ибраимов Азимжан Жаманакович  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдерди которуу жана бирдейлештирүү маселеси.

2.      Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович – Техника илимдеринин кандидаты, доцент. Кыргыз Республикасынын архитектура, курулуш тармактары боюнча ченемдик-укуктук актыларда атоолордун мамлекеттик тилде колдонулушу.

3.      Кадыров Ысмайыл Кадырович – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун Терминология жана ономастика бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги айрым терминдер тууралуу.

4.      Абдырай уулу Асылбек – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору. Салык мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик тилдеги терминдердин колдонулушунун орду.

5.      Орозакунов Айбек Эмилович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы. Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин өзгөчөлүгү.

6.      Мамаев Түгөлбай Мамаевич – Ош мамлекеттик университетинин медицина  факультетинин коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору. Саламаттык сактоо тармагында медициналык терминдерди   которуу жана колдонуу көйгөйлөрү.

7.      Султаналиев Ишенбек Шаршекеевич – 

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти. Иш кагаздарындагы терминдердин бирдейлештирүү маселеси.

8.      Саалаев Жедигер Ибраимович – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Адабий фондунун директору, юридика илимдеринин кандидаты. Баш мыйзам жана башка ченемдик-укуктук актылардагы терминдердин бирдейлик маселеси.

9.      Джаанбаев Сейитбек – Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын үзгүлтүксүз билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери. Билим берүү жөнүндө мыйзамдардагы терминдердин абалы.

10.    Эшбаев  Абдасбек Асылбекович – С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу  институтунун түштүк филиалынын “Педиатрия адистиктери” кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты. Медицинада  терминдерди колдонуу өзгөчөлүгү.

11.     Орозов Жаркынбек Жунусович – Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун кылмыш-жаза укугу кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты. Юридика тармагында терминдерди колдонууда, кыргыз тилине которуудагы  айрым бир проблемалар.

12.    Джапанов Аттокур Асаналиевич – Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Медициналык факультетинин коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын профессору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз тилинин актуалдуу маселелери.

13.    Чаңов Уланбек Сагыналиевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин иш башкармалыгынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы. Азыркы учурдагы аскердик терминдердин жасалыш жолдору.

14.    Абдыкадыров Санжар Кубатович – Ош мамлекеттик университетинин бизнес-информатика жана экономикадагы математика кафедрасынын доценти. Адистерди даярдоодо экономикадагы терминдерди которуп колдонуудагы көйгөйлөрдүн абалы.

Архив