Төрага Мелис Мураталиев Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өкүлдөрү менен жолукту

2024-жылдын 15-октябрында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев КР Президентинин Жалал-Абад  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана райондук мамлекеттик администрацияларынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө «Жалал-Абад  облусундагы мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарынын сандык көрсөткүчү жана сабаттуулугу” боюнча маалымат берилип, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн “Иш кагаздарын типтүү нускамага, жазуу эрежелерине ылайык тариздөө жана жүргүзүү” боюнча сабак өтүлдү.


Мындан сырткары, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамы, окутуучулар жана студенттери менен жолугуп, «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышында баяндама жасады. 

Архив