2024-жылдын 18-октябрында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана райондук мамлекеттик администрацияларынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Баткен облусундагы мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарынын сандык көрсөткүчү жана сабаттуулугу” боюнча маалымат берилди.
Күндүн жарымында атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн “Иш кагаздарын типтүү нускамага, жазуу эрежелерине ылайык тариздөө жана жүргүзүү” боюнча Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева сабак өттү.