Төрага Мелис Мураталиев БатМУнун студенттери менен жолукту
2024-жылдын 18-октябрында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Баткен мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамы, окутуучулар жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү. 
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилдин статусун бекемдөө жана анын коомдогу ордун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуу учурунда төрага мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы улуттук приоритеттерди белгилеп, тилди өнүктүрүүнүн келечектеги багыттары тууралуу кенен маалымат берди. Ал Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди терең өздөштүрүп, аны иш жүзүндө колдонуу маданиятын жайылтуу маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле, тилди колдонууну жакшыртуу үчүн билим берүү системасында мамлекеттик тилге көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын айтып, суроолорду беришти. Жолугушуу жылуу атмосферада өтүп, тилди үйрөнүү жана жайылтуу маселелери боюнча активдүү талкуу болду.
Бул жолугушуу мамлекеттик тил саясатынын аймактарда кеңири жайылуусуна, аны колдоого жана ар тараптуу өнүгүүгө өбөлгө түзөөрү шексиз.
Архив