Бүгүн, 24-октябрда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди окутуу жана анын абалы талкууланды. Форумга Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору жана мамлекеттик тил боюнча эксперттер катышты.
Форумдун негизги талкуулары — ЖОЖдордо мамлекеттик тилди бекемдөө үчүн окутуу тилдерин жакшыртуу, бүтүрүүчүлөргө кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курстарын киргизүү, кыргыз филологиясы программаларын жаңылоо жана толуктоо, ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу маселелери болду. Окуу куралдарын чыгаруу жана которуу иштерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана билим берүүдө анын ролун жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду. Ар бир ЖОЖдо мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө аркылуу улуттук баалуулуктарды сактоо жана келечек муун үчүн бекем билим базасын түзүү максаты коюлду.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү — мекенди сүйүүнүн белгиси!