АЗАКАТ (НЕКРОЛОГ)
Кыргыз маданияты, журналистикасы жана адабияты чоң жоготууга учурады. Мамлекеттик тилге жана улуттук баалуулуктарга жан дилинен берилген инсан, кесипкөй журналист, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору - Дүйшөмбек Касиевич Керимов мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
1956-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген Дүйшөмбек Касиевич өмүрүнүн ар бир күнүндө кыргыз тилинин өнүгүшү, коомдо өз ордун табышы үчүн бүт күчүн жумшады. “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору катары ал кыргыз тилинин баалуулугун, маңызын, улуттук руханий мурасын баалап, анын сыймыгын ар дайым жогору көтөрдү.
Дүйшөмбек Касиевичтин журналисттик чеберчилиги, ачык көз карашы, терең иликтөө жана так жазуу жөндөмү өзгөчө белгиленчү. Ар бир макаласы, ар бир чыгармасы кыргыз тилин, кыргыз маданиятын жана элдик дөөлөттөрдү өнүктүрүүгө багытталып, коомго чындыкты жеткирүүдө ал калыстыкты жана тактыкты биринчи орунга койчу. Анын кесипкөйлүгү менен жоопкерчилиги аркылуу калыптанган ишмердүүлүгү жалпы кыргыз журналистикасына чоң таасир калтырды.
Журналистикадагы жана адабияттагы асыл иштери, өлкөгө кошкон салымы, улуттук тилге кылган кызматтары ар бирибизге үлгү болуп калат. Анын эмгеги жана кыргыз тилин жайылтууга арналган жашоосу биз үчүн өрнөк бойдон сакталып, келечек муундарга баалуу мурас катары уланат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин жана бирге иштешкен кесиптештеринин атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жаныңыз Көккө жаксын,
Сөөгүңүз жерге жаксын, Дүйшөнбек агай!