2024-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы №75 жалпы орто билим берүү мектебинин базасында Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган “Айтматов ааламы” аттуу изилдөө-долбоор кароо-сынагынын шаардык туру өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында жана улуу жазуучунун 100 жылдыгына даярдыктын негизинде уюштурулган.
Сынакта райондук этаптан алдыңкы орундарды ээлеген жалпы билим берүү мектептеринин 8-11-класстарынын окуучулары катышты. Калыстар тобуна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева төрайымдык кылып, мүчөлөрү катары Билим берүү департаментинин адистери иш алып барышты.
Сынактын жыйынтыгы:
I орун: №78 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сапарали к Н;
II орун: №81 орто мектебинин 10-классынын окуучусу А.Н. Эсенбаева;
II орун: №66 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Р. Шейгенбекова;
III орун: №77 орто мектебинин 11-классынын окуучусу А.Эсенбекова.
Бул иш-чара окуучулар арасында Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгууну арттырып, изилдөө жана чыгармачыл жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.