Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте шаардын көчөлөрүндө, соода жайларында жана башка мекемелерде илинген жазуулардагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө чет тилдеринде жазылган 30 объектке эскертүүлөр берилди. Эскертүүдө жарнамаларды мамлекеттик тилде камсыз кылуу, башка тилдердеги тексттин көлөмүн кичирейтип, кыргыз тилинде жазылган тексттин жогору же үстү жагына жайгаштыруу талабы коюлду. Бир ай аралыгында талаптар аткарылбаса, жарнамалар эскертүүсүз алынаары билдирилди.
Ошондой эле жеке ишкерлерге жарнамалар, маалыматтык такталар жана кулактандыруулар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жана башка тилдерде таризделиши керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сузак районундагы Ош–Бишкек жолунун боюндагы жарнамалар жана баннерлер боюнча да көзөмөл рейди өткөрүлүп, 23 объектке эскертүү берилип, талаптарга жооп бербеген 12 жарнама алынды. Учурда коомдук тейлөө жайларында мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча иштер улантылууда.
Мамлекеттик тилдин талаптарын сактоо – ар бир жаран жана мекеменин милдети!