Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Күзөт кызматында жана анын аймактык бөлүмдөрүндө иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн деңгээлин, сабаттуулугун жана сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик тилде иш кагаздарды тариздөөдө жана толтурууда кетирилген кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү сунуштамалар берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматында “Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы семинар-кеңешме өткөрүлдү. Семинар-кеңешмеде мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүүгө байланыштуу маселелер талкууланып, кызматкерлерге усулдук жана практикалык сунуштамалар берилди.
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыкка чыккан “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча жана кыргызча-орусча сөздүгү” кызматкерлерге тааныштырылды.
Иш-чарага ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Орозакунов, мамлекеттик тил бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Б.Беккелди уулу, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.